Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Ингуш соту Чеченстан менен жер келишимин четке какты

Ингушетиянын борбору Магаста нааразылык акциясына чыккандар. 2018-жылдын октябрь айы.
Ингушетиянын борбору Магаста нааразылык акциясына чыккандар. 2018-жылдын октябрь айы.

Орусиянын курамындагы Ингушетиянын Конституциялык соту Чеченстан менен чек араны өзгөртүү боюнча келишимди "республиканын Баш мыйзамына каршы келет" деп тапты. Соттун 30-октябрдагы чечиминде белгиленгендей, чечен лидери Рамзан Кадыров менен Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров 26-сентябрда кол койгон келишим референдум аркылуу бекитилмейинче укуктук күчкө ээ боло албайт.

Ингушетиянын Конституциялык соту бул маселени жергиликтүү парламенттин депутаттарынан түзүлгөн топтун арызынан кийин карай баштаган. Өкүм чыгараардан мурда сот бул ишти токтотуу жана соттук коллегиянын төрагасына ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчтү четке какты.

Чеченстан менен Ингушетиянын жетекчилери кол койгон келишимди ингуш парламенти 4-октябрда жактырган. Жер айырбаштоого мүмкүнчүлүк берген бул макулдашуу бир канча аптадан бери Ингушетиянын өзүндө нааразылык акцияларына себеп болуп келет. Акцияга чыккандар келишимдин негизинде Ингушетияга таандык ири аймак Чеченстанга өтүп кетерин айтып жатышат. 

Ингушетия менен Чеченстан Совет доорунда бирдиктүү админстративдик аймак болчу. Советтер Союзу ыдырагандан кийин бул аймакта Орусиянын курамындагы эки башка республика түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG