Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жабдуу сатып алыш үчүн өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуу боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 30-октябрда ЖЭБде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.
Ал эми Кытай берген 386 миллион долларлык насыяга байланыштуу козголгон кылмыш иштери четинен сотко жөнөтүлүп жатат.
Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-октябрда Бишкек ЖЭБинде жыйын куруп, ишканадагы кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулады.
Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ЖЭБди оңдоодо бир топ мыйзам бузулганы, тендер өткөрүүдө жоболор одоно бузулганы жана насыянын бир топ бөлүгү уурдалганы, сатылып алынган шаймандардын баасы жогорулатылганы айтылган.
Авария жана ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдалануу боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон, бир катар жетекчилер камакка алынган.
Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин кытайлык TBEA компаниясы жүргүзгөн. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш. (NT)