Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873кө жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873кө жетти. Республикалык СПИД борбору билдиргендей, бул - өлкөдө ВИЧ жуктурган биринчи адам аныкталган 1996-жылдан ушул мезгилге чейинки аралыктагы көрсөткүч.

Өлкөдө 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишини түздү. Анын 8137си Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин катарында.

Ооруну жуктургандардын көбү эркектер.

XS
SM
MD
LG