Индонезиялык суучулдар бортундагы 189 адам менен Ява деңизине кулап түшкөн учактын "кара кутусун" табышты. Бул тууралуу Индонезиянын Издөө жана куткаруу агенттигинин башчысы Мухаммад Сяуги билдирди.
Аба каттамы тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз жаздырууга ыңгайлашкан бул жабдык кырсык болгон жерге жакын, 30 метр тереңдиктен чыгарылды. "Кара кутудагы" маалыматты талдап чыгууга үч жумадай убакыт кетери кабарланды.
Суучулдар азыр учактын кабинасындагы үн жаздыруучу аппаратты издеп жатышат.
"Lion Air" аба компаниясына таандык "Boeing 737 MAX" учагы дүйшөмбүдө Жакартадан Панкалпинанг шаарчасына баратып, асманга көтөрүлгөндөн 13 мүнөттөн кийин кырсыкка учураган. Анын бортундагы адамдардын бирөө да тирүү табылган жок.