Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Индонезияда кулаган учактын калдыктары табылды


Индонезияда учак кулап түшкөн аймакта издөө иштерин жүргүзүп жаткан топ. 29-октябрь, 2018-жыл. Батыш Ява.
Индонезияда учак кулап түшкөн аймакта издөө иштерин жүргүзүп жаткан топ. 29-октябрь, 2018-жыл. Батыш Ява.

Индонезияда бортунда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 189 адам бар учак Ява деңизине кулап түштү. Бийлик азыр учактын ичиндегилердин арасында тирүү калгандар бар-жогун айта элек. "Lion Air" авиакомпаниясына таандык учак баш калаа Жакартадан Панкал Пинанг шаарына бараткан.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттиги деңизден учактын калдыктары жана жүргүнчүлөрдүн буюм-тайымдары табылганын жазып, сүрөттөрүн жарыялады. Көп өтпөй суудан бир нече адамдын өлүктөрү да табылганы маалым болду. "Учак кулады" деген болжолдуу аймактагы суунун тереңдиги 30-40 метрге жетет.

- Биз бир нече адамдын жеке документтерин, паспортторун, айдоочу күбөлүктөрүн, банк китепчелерин таптык. Учурда издеп-куткаруу иштерине 150 куткаруучу жана 150 армия менен полиция өкүлдөрү тартылды, - деди Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү Нугрохо Буди Вируянто.

Өзгөчө кырдаалдар агенттиги жарыялаган сүрөт. Жүргүнчүлөргө тиешелүү буюм-тайымдар. 29-октябрь, 2018-жыл.
Өзгөчө кырдаалдар агенттиги жарыялаган сүрөт. Жүргүнчүлөргө тиешелүү буюм-тайымдар. 29-октябрь, 2018-жыл.

"Lion Air" авиакомпаниясына таандык "Boeing 737 Max" лайнери дүйшөмбүдө эртең менен абага көтөрүлгөндөн 13 мүнөт өткөндөн кийин кулап түшкөн. Өлкөнүн бийлиги маалымдагандай, учактын бортунда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 189 адам болгон. Алардын арасында үч ымыркай да бар эле. ВВС учакта Индонезиянын Финансы министрлигинин 20дай өкүлү да болгонун жазды. Учактагылардын туугандары Жакартанын аэропортуна чогулуп, жакшы кабардан үмүтүн үзбөй турушат. Индонезиянын президенти Жоко Видодо аларды сабырдуу болууга чакырып, колдоосун билдирди.

- Биз борттогуларды табуу жана куткаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз, - деди ал. - Мен алардын тирүү табылышын тилеп жатам. Албетте, мен жакын туугандардын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сарсанаа болуп жатканын түшүнөм. Бирок азыр жеринде колунан келген аракеттерин көрүп жаткан куткаруу командасынан жаңылык күтүп, сабырдуу болууга чакырам.

Кырсыктаган учактагы жүргүнчүлөрдүн жакындары. 29-октябрь, 2018-жыл. Жакарта аэропорту.
Кырсыктаган учактагы жүргүнчүлөрдүн жакындары. 29-октябрь, 2018-жыл. Жакарта аэропорту.

​Учак Суматра жана Батыш Ява аралдарынан алыс эмес жерде Ява деңизине кулап түшкөн. Өлкөнүн Авиация башкармалыгынын өкүлдөрү маалымдагандай, учак менен байланыш үзүлгүчө борт базага кайтууга уруксат сураган. Лайнерди чыгарган "Boeing" компаниясы кырсык боюнча өкүнүчүн билдирип, кырдаалга кылдат көз салып жатканын билдирди.

Маалыматтарга караганда, JT-610 каттамын жүргүзүп жаткан "Boeing 737 Max" учагы - 2016-жылы чыгарылган жаңы лайнер. Аны "Lion Air" компаниясы быйыл августта эле сатып алган. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

"Lion Air" - Индонезиядагы ири жеке авиакомпаниялардын бири. Ал өлкө ичинде 126 шаарга, андан тышкары Сингапурга, Вьетнамга, Малайзияга жана Сауд Арабиясына да каттамдарды жүргүзөт.

Компанияга караштуу учактар буга чейин да бир нече жолу кырсыктаган. 2004-жылы анын учактарынын бири конуп жатканда авария болуп, борттогу 163 кишинин 25и курман болгон. 2013-жылы "Boeing 737" учагы Бали аралындагы конуу тилкесине жетпей, суунун жээгине кулап, эки бөлүнүп калган. Бирок анда ичиндеги 108 адамдын баары тирүү калган. Евробиримдик "Lion Air" компаниясын кооптуу компаниялардын тизмесинен 2016-жылы чыгарып, быйыл кайра кошкон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG