Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

Пакистан: ашынган динаятчынын "Твиттердеги" барагы жабылды


“Терик-е Лабаик” партиясынын башчысы Хадим Хуссейн Ризви.
“Терик-е Лабаик” партиясынын башчысы Хадим Хуссейн Ризви.

Пакистанда "христиан аялдын сотто акталышы боюнча кескин чакырыктарды таратты" деген динаятчынын "Твиттер" социалдык түйүнүндөгү аккаунту жабылды. Бул тууралуу Пакистан өкмөтү кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Терик-е Лабаик” партиясынын башчысы Хадим Хуссейн Ризвинин "Твиттердеги" барагын жабуу тууралуу өтүнүчтү Пакистандын телекоммуникация тармагын тейлеген мекемеси жөнөткөн. Буга Ризвинин өз тарапкерлерин "Мухамед пайгамбарга акарат келтирген" деп өлүм жазасына өкүм кылынган христиан аял Асия Бибини актаганы үчүн Жогорку соттун судьяларынын көзүн тазалоого чакырганы себеп катары көрсөтүлдү. "Твиттер" азырынча анын аккаунтунун жабылганы тууралуу маалымат бере элек.

Христианчылыктын католик багытын карманган 54 жаштагы Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин эң катаал жазага өкүм кылынган. Буга мусулман аялдардын "аны пайгамбарга шек келтирди" деп айыптаганы себеп болгон.

31-октябрда Пакистандын Жогорку соту беш баланын энесин актаган чечим чыгарып, абактан бошоткон. Мындай чечимден кийин “Терик-е Лабаик” партиясынын тарапкерлери нааразылык акцияларын уюштуруп, Карачи, Лахор сыяктуу ири шаарларда көчөлөрдү тороп, Бибини өлүм жазасына тартууну талап кылышкан.

Пакистандын полициясынын улук офицери Наяб Хайдердин билдиргени боюнча, өткөн аптадагы окуялардан кийин 150гө чукул адам камакка алынды. Аларга "Ээнбаштык", "Күч колдонуу", "Атайылап өрт коюу" сыяктуу беренелер боюнча айып коюлууда.

XS
SM
MD
LG