Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

АКШда бүгүн Конгресске шайлоо өтөт


АКШдагы шайлоо тууралуу илинген маалымат.
АКШдагы шайлоо тууралуу илинген маалымат.

6-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы же 435 мүчөсү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү же 100 мүчөсүнүн 35и кайра шайланат.

Акыркы курамда эки палатаны тең республикачылар көзөмөлдөп келди. Жогорку палата болгон Сенатта республикачылардын добушу демократтардан эки адамга көбүрөөк болду.

6-ноябрда АКШнын жарандары өлкөнүн 50 штатынын 36сында губернаторлорду да шайлайт.

Өз партияларынын талапкерлерине добуш топтош үчүн азыркы президент Дональд Трамп, мурдагы президент Барак Обама да жигердүү катышты.

6-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы ириде америкалыктардын президентке жана анын саясатына жооп болорун коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары көргөздү.

“Фейсбук” АКШдагы шайлоону утурлай 100дөн ашуун шектүү аккаунтту жапканын маалымдады. Буга чейин "Твиттер" да шайлоодо добуш бербөөгө чакырган 10 миңдей шектүү аккаунттарды өчүргөн.

Вашингтон "2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого Орусия кийлигишүүгө аракет кылган" десе, Москва бул дооматты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG