Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:11

Конгантиевге козголгон кылмыш иши эмнеге токтотулганы иликтенип бүтө элек


Молдомуса Конгантиев.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши эмне себептен токтотулганы тууралуу иликтөө төрт айдан бери бүтө элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова билдирди.

Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен быйыл 18-июнда кыскартылганын УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта дооматка кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага бул ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган.

Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. (EBM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG