Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Бишкекке келаткан учак тумандан улам Алматыга конду


"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва-Бишкек каттамы боюнча Орусиядан учуп келе жаткан “Аэрофлот” авикомпаниясынын учагы баш калаадагы тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортуна коно алган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” аба майданынын басма сөз катчысы Аида Курбанова билдирди.

Түн ичинде келмек болгон учак таңга жуук Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортко барды. Учак түштөн кийин кайра Бишкекке келери айтылууда. Бортто 150дөй жүргүнчү бар экени кабарланды.

"Манас” эл аралык аэропортунун өкүлү учурда аба майданы штаттык режимде иштеп жатканын, туман таркап кеткенин кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG