14-ноябрдын кечинде Арменияда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган партияларды жана кыймылдарды каттоо мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилегендей, 9-декабрда өтө турган шайлоого тогуз партия жана эки блок өз талапкерлеринин тизмелерин сунуш кылышты.
Алардын арасында Армениянын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Никол Пашинян башында турган "Менин кадамым" блогу, өлкөнүн бийликтеги мурдагы партиясы жана башкалар бар.
Арменияда шайлоо өнөктүгү 26-ноябрда башталып, 7-декабрда жыйынтыкталат.
Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы парламенттин таркатылышын жана чукул шайлоо өтүшүн көздөп келген. Себеби жалпы 105 орундуу парламентте көпчүлүк мандат (50 мандат) ыңкылаптан кийин бийликтен кеткен мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясына таандык. Армениядагы акыркы парламенттик шайлоо былтыр Саргсян бийликте турган учурда өткөн эле.