Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Тумандан улам Алматыга кеткен учак Бишкекке келди


“Манас” эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт.
“Манас” эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт.

Орусиядан учуп келе жатып тумандан улам Бишкекке коно албай калган “Аэрофлот” авикомпаниясынын учагы “Манас” эл аралык аэропортуна кайра келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аба майданынын басма сөз катчысы Аида Курбанова билдирди.

Учак Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортко барып, туман тарагандан кийин кайра Бишкекке келди. Ал жүргүнчүлөрүн түшүрүп, Москвага учуп кетти.

Мурдараак, Москва-Бишкек каттамы боюнча келе жаткан учак "Манас” аба майданына коно албай калган. Бортто 150дөй жүргүнчү бар экени кабарланган.

"Манас” эл аралык аэропортунун өкүлү учурда аба майданы штаттык режимде иштеп жатканын, туман таркап кеткенин дагы бир жолу ырастады. (ErN)

XS
SM
MD
LG