Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:29

Экстремизм боюнча айыпталган тажик мугалими абакка кесилди


Душанбе шаардык соту.
Душанбе шаардык соту.

Тажикстанда "Экстремизм" беренеси боюнча айыпталган 22 жаштагы англис тил мугалими Жахонгир Косимов, анын төрт окуучусу жана дагы беш адам абакка кесилди.

Дүйшөмбү шаардык соту 16-ноябрдагы өкүмү менен Косимовду 19 жылга эркинен ажыратты. Сот аталган мугалим жаштарды "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна азырганы аныкталганын билдирди.

Сот Косимовдун төрт студенти менен кошо баш-аягы 9 адамды "диний экстремизмди пропаганда кылган", "экстремисттик топко кошулууну көздөшкөн" деп тапты. Аларга алты айдан 19 жылга чейинки абак жазасы чегерилди.

Жабык өткөн сотто Косимов "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун идеяларын жайылтканын мойнуна алганы кабарланды.

Мугалимдин төрт студенти быйыл жыл башында тажик-ооган чек арасынан кармалган. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде калган беш киши колго түшкөн. Адвокаттардын айтымында, тогуз айыпталуучу өкүмгө макул болбой, жогорку соттук инстанцияга кайрылганы жатат.

Тажик өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча, Сирия менен Ирактагы согушкерлердин катарына баш-аягы миңдей тажик жарандары кошулган.

XS
SM
MD
LG