Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Кыргызстандыктар Тажикстанда эки ай каттоосуз жүрө алат


Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстандын жарандары Тажикстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Эми мыйзам кол коюлгандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында алтымыш күн каттоосуз жүрө алат.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Тажикстанга барган кыргызстандыктардын бул өлкөдө каттоосуз жүрүү мөөнөтүн үч күндөн 60 күнгө чейин узартуу маселесин 11-сентябрда карап, мыйзам долбоорунун концепциясын жактырган.

Юстиция министрлиги бул макулдашуу кыргыз-тажик жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөй турганын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG