Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

"Түндүктөн келген конок". Путиндин Өзбекстанга сапары кандай максатты көздөйт?


Шавкат Мирзиеёв жана Владимир Путин.
Шавкат Мирзиеёв жана Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин майдын башында бешинчи мөөнөткө кызматка киришкенден кийин мамлекеттик сапарын Өзбекстанга жасап, 27-майда Ташкент шаарына барды. 

Аны 27-майда таң эрте аэропорттон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Эки президенттин расмий жолугушуусу Ташкенттеги "Көксарай" резиденциясында өттү. Тараптар чакан форматта да сүйлөштү.

Путин кызматка кайрадан киришкенден бери алгачкылардан болуп Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келгенин белгиледи:

"Бул шайлоо жана ага байланыштуу бардык жол-жоболор, анын ичинде өкмөттү түзүүгө байланыштуу иш-чаралар аяктагандан кийинки биринчи сапарлардын бири болгону кокусунан эмес. Бул биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн жана өнөктөштүк мамилелерибиздин өзгөчө мүнөзүн айгинелейт".

Ал эми Шавкат Мирзиёев быйыл эки тараптуу соода жүгүртүүнү 20 миллиард долларга жеткирүү аракети көрүлүп жатканына токтолду:

"Соода жүгүртүү тууралуу айта турган болсок, быйыл 10 миллиардга жетти. Бул абдан жакшы өсүш. Кесиптештерим менен жакынкы келечекте бул сумманы 20 миллиардга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз".

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчылары ишканалардын долбоорлорун колдоо үчүн "Биргелешкен инвестициялык платформаны" ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюшту.

Алар өзөктүк энергетика, айыл чарба, инновациялар, миграция, коопсуздук жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашканы кабарланды.

Ошондой эле Ташкенттеги жолугушууда билим берүү жана инженердик кадрларды даярдоо жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Бауман атындагы Москва жогорку техникалык окуу жайынын жана Тышкы соода академиясынын филиалдарын Өзбекстанда ачуу боюнча макулдашууга кол коюлганы айтылды.

"Интернетте Путинди сөгүп атышат"

Путиндин коңшу өлкөгө сапары социалдык тармактардын бир топ колдонуучуларына жакпаганын алардын билдирүүлөрүнөн улам байкоого болот. Өзбекстандык блогер жана журналисттер "түндүктөн келген конок" деп тергелген Путин ыңгайсыз кырдаал жаратып атканын ачык да, кыйытып да жазышты.

"Мунун баскан изине чөп чыкпайт.. Майдын 26сында футболка менен жүрүп үшүдүм", - деп жазат журналист Муслим Мирзажонов.

"Киши өлтүргүч... Тилекке каршы, башка аргабыз жок, биз кичинекей мамлекетпиз", - дейт блогер Худойберди Зомини.

"Түндүктөн келген коноктун келишин зыярат эмес, кемсинтүү деп айткым келет. Анткени бул сапар бизге сый-урмат алып келбей турганы айдан-ачык", - деп жазган диний аалым Мубашшир Ахмед.

Дагы бир блогер Дима Каюм маркум акын Мухаммад Юсуфтун "Чочколор" деген ырын Фейсбуктагы баракчасына илип, "сөз ээсин табат" деп жазды.

Путиндин Ташкентке сапарынын алдында шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы 26-27-май күндөрү "Эл аралык масштабдагы иш-чараларга жана айрым көчөлөрдө көрктөндүрүү жана курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу" айдоочуларга борбор калаага келбей турууну сунуштаган билдирүү тараткан.

Блогер жана юрист Зафарбек Солижонов азыркы кырдаал тууралуу мындай көз карашын бөлүштү:

"Интернетте Путинди сөгүп атышат. Туура кылышат. Ал өзү жана тегерегиндегилер согушка карата өзбек элинин мамилесин билиши керек. Бирок мен мамлекеттик кызматкерлердин бул ишке аралашуусун жана жок жерден дипломатиялык чыр-чатактын чыгышын каалабайм. Ошол эле учурда санкциялардан улам алдоо жолу менен ресурс издеп жүргөндөрдүн акчасын алуу аракети да бар", - дейт блогер.

Ал эми Орусия менен Өзбекстандын мамилесин колдогондор бул өлкөдө бир нече миллион өзбекстандык эмгек мигранттары оокат кылып жатканын жүйө кылып келишет.

Талдоочу Анвар Назир Орусияда өзбек мигранттарынын келечеги жок деп эсептейт:

"Орус өкмөтү эмгек ресурстарына болгон муктаждыктын фонунда да Орусия экономикасынын түрдүү тармактарынан эмгек мигранттарын чыгарып жатат. Орусия менен өнөр жай тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгү жок, анткени Орусиянын бүт өнөр жайы армияга, башкача айтканда, курал-жарак чыгарууга өтүп жатат, ошондуктан Өзбекстан мындан пайда көрүшү мүмкүн эмес", - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Деген менен эл аралык иликтөөчүлөр Өзбекстан санкциялык товарларды Орусияга реэкспорт кылып жаткан негизги өлкөлөрдүн бири экенин айтып келишет. Орусиянын монополиялык "Газпром" компаниясы 2023-жылдан тарта Өзбекстанга газ жеткире баштаган. Бүгүнкү күндө Москва Ташкенттин негизги соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Бул көрсөткүч боюнча Орусия Кытайдан кийинки экинчи орунда турат.

Рамзан Кадыровдун сапары

Путиндин делегациясынын курамында "оор илдетке чалдыкканы" айтылган Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыров бар экени белгилүү болду. Ал Ташкентке Путинден бир күн мурда барып, биргелешкен жыйынга катышкан.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Ташкентте
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Ташкентте

Аны аэрпорттон Ташкенттин акими Шавкат Умурзаков, Өзбекстандын президентинин күйөө баласы Отабек Умаров жана башка жооптуу адамдар тосуп алышты. Ушул эле күнү Рамзан Кадыров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен да жолукканы кабарланды.

Кадыров чечендер Өзбекстанга өзгөчө жылуу мамиле кыларын, анткени анын атасы, Чеченстандын биринчи президенти Ахмат Кадыров Ташкент шаарында билим алганын Телеграм каналына жазды:

"Ташкентте жүрүп сүйүктүү атам, Чечен Республикасынын биринчи президенти, Орусиянын баатыры Ахмат-Ажы Кадыровдун өмүрү менен байланышкан жерлерди кыдырбай коё албадым".

Өткөн айда "Новая газета Европа" басылмасы Кадыровдун саламаттыгы начарлап баратканын жазган. Маалыматка караганда, дарыгерлер Кадыровго "уйку безинин некрозу" деген диагноз коюшкан.

Бирок видеолордо чечен лидери Ташкентте музей жана мемориалдарды кыдырып, жада калса Шавкат Мирзиёевдин эки күйөө баласы менен чоң ресторандарда ырчы-чоорчулардын коштоосунда көңүл ачканын көрүүгө болот.

Путин менен Мирзиёев акыркы жолу быйыл 9-майда Москвада жолугушкан. Анда өзбек президентинин басма сөз кызматы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө "стратегиялык өнөктөштүктү" бекемдөө жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланганын билдирген.

Орус президенти президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи чет элдик сапарын Кытайга жасаган, андан соң Беларуска барып кайткан.

2023-жылы мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Украинанын аймагындагы жаш балдарды мыйзамсыз депортациялоо боюнча күнөөлүү деп табылган Владимир Путинди камакка алууга ордер берген. Ал азыр Батыш өлкөлөрүнө гана эмес, Рим статутуна кол койгон жакынкы коңшуларына, атүгүл Арменияга барса камакка алынышы мүмкүн.

Өзбекстан Рим статутун ратификациялай элек. Бул Гаага соту ордер чыгаргандан кийин Путиндин Өзбекстанга жасаган биринчи сапары. Ал Өзбекстанга акыркы жолу 2022-жылы сентябрда – ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG