Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Унаа соодасы: Орусия кыргыз транзитин бууду


Буга чейин Кытай менен Түштүк Кореядан келген унаанын көпчүлүгү Орусияга реэкспорттолчу.
Буга чейин Кытай менен Түштүк Кореядан келген унаанын көпчүлүгү Орусияга реэкспорттолчу.

Кыргызстандан Орусияга ташылган жеңил автоунаанын саны кескин кыскарды. Статистикалык маалыматтар бул жааттагы эсеп былтыркыдан 83% азайып кеткенин көрсөтүүдө. Буга орус бийлигинин автоунаа импортун кескин кымбаттаткан чечими себеп болгон.

Мындан улам ички рынокто дагы автоунаанын өтүмү азайып, баасы бир кыйла арзандап жатканы байкалат.

Соңку бир жылда кирешелүү бизнеске айлана баштаган Орусияга автоунаа реэкспортоодогу өзгөрүүлөр жана анын кесепети тууралуу “Элдик экономика” түрмөгүндө баяндайбыз.

Быйылкы жылдын апрель айынын жыйынтыгында Кыргызстандан Орусияга автоунааларды экспорт кылуу дээрлик токтоп калды. Орусиядагы “Автостат” агенттигинин талдоосуна ылайык, 2024-жылдын алгачкы үч айында Орусияга 295,7 миң жеңил автоунаа ташылып келсе, анын 66,4% Жапония, 24,6% Кыргызстандан барган.

Автоунаа соодасынын буулушуна Орусиянын бир катар чечимдери себеп болду.

Орус өкмөтү 1-апрелден тарта импорттук автоунааларды кайра иштетүү жыйымын (утил жыйымды) кымбаттаткан. Утил жыйымга буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жеңилдиктерден улам орус бюджетине толук түшпөй келген бажы алымы, кошумча нарк салыгы жана акциз төлөмү бириктирилген.

“Кыргызстандын автоунаа рыногунун кунары учуп турат”

Кыргызстандын автомобилисттер жана автоимпортерлор ассоциациясынын маалыматында, мындай бурулуштардан улам ички рынокто автоунаа баасы 20% чейин арзандап кетти.

Соода тегирменин айлантуу амалы менен соңку кездери Кыргызстанда жеңил автоунааларды лизинг же бөлүп төлөө жолу менен саткан учурлар көбөйдү.

Кытай менен Түштүк Кореядан автоунаа алып келип саткан ишкер Сүйүнбек Мырзаканов учурда Кыргызстанда автоунаа рыногунун кунары учуп турганын айтууда.

Былтыр рынокко жабыла кирген ишкерлердин көпчүлүгү автоунаа ишкердигин таштап кетүүгө аргасыз болушкан:

“Азыр бизде иштеген кытайлардын көпчүлүгү Орусияга кетип калды. Негизги көлөм Казакстан аркылуу, Хоргос аркылуу жана түз кетип жатат. Ишкерликте мурдатан иштегендер жана жаңы кошулгандар бар. Жаңы кошулгандардын так саны жок. Бирок бир жыл ичинде эле 3-4 миң компания ачылып кетпеди беле. Экономика министрлиги, Статкомдон маалыматтарды алганбыз, ал боюнча 3500 компания ачылган. Азыр ошолордун баарынын эле жумушу токтоду го. Кытайлар кетти, орустар албай калды. Сатуу рыногу бизде жок, автоунаа базарда тургандар айла жок акчасы кетип жатат. Биз деле алып келип алганбыз, эми акырын ошолорду бөлүп төлөөгө берип, сатканга аракет кылуудабыз. Баалар тууралуу айта турган болсок, 10-20% түштү. Азыр пайда жагына эмес, өзүбүздүн капиталды эле чыгарып, бизде дагы иштешкен кичи инвесторлорубуз бар, ошолордун акчасын чыгарып берип жатабыз”, - дейт Мырзаканов.

2023-жылы Кыргызстан эл аралык автоунаа рыногунда транзиттик вазийпаны аткарып, өз бажысы аркылуу ири агымды өткөргөн.

Түштүк Корея, Кытай жана Европадан автоунааларды алып келип, санкциялык бөгөттө турган Орусияга сатып ишкердик кылгандар көбөйгөн. Буга кыргыз бажысы аркылуу тариздеп сатуунун кыйла арзан экени себеп болгон. Ишкерлер билдиргендей, эми алардын көпчүлүгү автоунаа соодасынан кетип жатса, рынокто калгандары Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран өңдүү жаңы багыттарды издөө менен алек болууда.

“Орусияга Кыргызстан коридору жабылды”

Орусиядагы “Автостат” аналитикалык агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл апрелде Орусияга жалпы 90 миңдей жеңил автоунаа импорттолгон. Анын 57,8 миңи жаңы, 31,6 миңи - эски автоунаалар. Жаңы автоунаалардын 94% Кытайдан келсе, 1,7% же миңге чукулу Кыргызстандан ташылып келген.

Эски автоунаалардын 66% Жапониядан, 13,4% Түштүк Кореядан, 9,3% Беларустан, 3,3% Кытайдан сатып алынган. Бул типтеги транспорттун импортунда Кыргызстандын үлүшү болгону 0,5% түзөт.

Эксперттер катаалдаган эрежелерден улам Орусиянын автоунаа соодасы боюнча башка өлкөлөр аркылуу жасап жаткан жарыш импорт схемасы токтогонун билдирүүдө.

“Автостат” аналитикалык агенттигинин директору Сергей Целиков компаниянын YouTube каналындагы интервьюсунда Орусиядагы автоунаа импортунун азайышын 1-апрелден тарта күчүнө кирген эрежелердин өзгөрүшүнө байланыштырат. Эксперт мындай азаюу дагы уланышы мүмкүн экендигин боможолдойт:

“Мамлекеттер боюнча ачык мисал – Кыргызстан деген коридор жабылды. Март айында эле Кыргызстан 20-25% менен бир кыйла ири үлүшкө ээ болуп турган. Азыр Казакстан жана башка мамлекеттер сыяктуу эле кезектеги дагы бир коридор жабылды. Эми биз үчүн бардыгы Кытай болуп калды. Кытайдан 90% ашуун унаа кирип жатат. Кытай унааларынын паркы көз алдыбызда өсүүдө”.

“Орустар бажыдагы каражатты бүт өзүнө түшүргүсү келди”

Жаңы эрежелер боюнча үч жылдан беш жылга чейинки автоунааларга карата эч нерсе өзгөрбөйт – утил жыйым дагы, бажы алымы дагы мурдагыдай эле калат. Эгерде үч жылга чейинки же жаңы унааны алып кирсе, анда анын 48% чейинки утил жыйымын төлөө милдеттендирилет.

Кыргызстандын автомобилисттер жана автоимпортерлор ассоциациясынын төрагасы Тилек Кожокулов учурда Кыргызстанга кирген агым кескин буулуп, бажы кампаларындагы унаалар дагы 60-70% азайып кеткенин билдирди:

“Мурун Кытайдан электр жана бензин менен жүрүүчү унаалар көп келчү эмес беле? Орусияда 1-апрелден баштап ошолордун баасын кымбаттатып койду. Кайра иштетүү жыйымы (утил жыйым), бажы алымы, КНС аябай кымбат чыгып атат. Кыргызстан мурда ортомчу мамлекет элек, азыр алар ЕАЭБдин алкагында өздөрү түз аракет кылып жатат. Азыр транзит кеткен автоунааны Кыргызстанда тариздебей жатат. Ошондуктан Түштүк Кореядан, Кытайдан келген унаалар аз болууда. Бизде азыр Орусияга электромобилди эле тариздеп жатат. Анткени орустар “бизге электромобилдердин төлөмүнүн баары Орусияда болсун” деп чечим чыгарышыптыр. Ошондуктан Кыргызстан электромобилди эле транзит кылууда”.

Евразия экономикалык биримдигиндеги эң ири рынок болгондуктан, Орусиянын чечими уюмга мүчө башка өлкөлөрдөгү автоунаалардын баасына да түз таасир этет.

Өткөн жылдын этегинде Кыргызстандын Бажы кызматы унаа импортунун бажы алымын 20% чейин көтөрүү аракетин көрүп жатканы кабарланган. Мекеме өлкөдөгү ири автодилерлер менен бул жаатта бир катар талкууларды өткөргөн. Мындай кадам Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы бажы алымынын айырмасын теңдөө жана Бишкек аркылуу транзит агымын кармап калуу үчүн жасалып жатканы белгиленген. Бирок кыргыз тараптын аракетинен эч кандай майнап чыккан эмес.

“Орусия үчүн унааны Беларус аркылуу киргизүү ыңгайлуу болуп калды”

Улуттук статистика комитетинин январь-март айларындагы жарыялаган маалыматына ылайык, биринчи чейректе 911 млн долларга 50,4 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине караганда 2,5 эсеге көп. Анын 64% Кытайдан жана 16% Түштүк Кореядан келген. Кытайдан импорттолгон унаанын көлөмү 13 эсеге көбөйсө, Литва менен Орусиядан келген автоунаанын саны 60-70% азайган.

Эксперт Тилек Кожокулов Кыргызстан эл аралык автоунаа соодасындагы транзиттик мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып бараткан чакта Беларус Евразия экономикалык биримдигинин эң ыңгайлуу аймагына айланганын айтууда:

“Бирок азыр бул жерде үчүнчү мамлекет пайда болуп жатат – бул Беларус. Беларуста жеңилдик алгандар бар – көп балалуу, согушка катышкан деген топтору бар. Ошолор аркылуу кылганда 50% арзандатуу болот экен. Ошондо аябай арзан чыгып калууда. Маселен, Кыргызстанда 2024-жылкы 2 куб автоунаанын бажы алымы 3,5-4 миң доллар болсо, Орусияга барганда каттоого тургузуш үчүн дагы 9 миң доллар төлөйсүң. Беларустан кылсаң ошол эле 12-13 миң доллар төлөм чыгат, бирок анын жарымын эле төлөйсүң. Ошон үчүн азыр бүт баары Беларуска кетип жатат”.

Кызык жагдай, Кыргызстандын жеңил унаа импортунда Улуттук статистика комитетинин эсеби менен экспорттоочу өлкөлөрдүн же Кытай менен Түштүк Кореянын бажы кызматтарынын расмий эсептеринин суммасында ири айырмачылыктар бар. Маселен, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы үч айда Кыргызстанга 946,2 млн долларлык жеңил унаа экспорттогонун каттаса, Кыргызстандын Улутттук статистика комитетинин эсебинде 552,8 млн долларлык унаа импорттолгон. Түштүк Кореянын Бажы кызматы 237,4 млн долларлык жеңил унаа экспортун көрсөткөн маалда Улутстатком 66,5 млн долларды каттаган. Мындай чоң ажырым Европа өлкөлөрү менен соода алакасында да бар.

Мындай ири айырмачылыктын так себеби ушул күнгө чейин ачык жарыялана элек. Кыргыз өкмөтү эки негизги жагдайды - статистикалык эсептеги методологиялык ыкмалардын ар түрдүүлүгү жана бажыдагы коррупциялык схемаларды жүйө катары карманат.

2023-жылы Кыргызстандын жеңил унаа импорту 4,5 эсеге өскөн. Бул жалпы сумма 2 млрд 767 млн доллар болгон 185 миңдей жеңил унаа деп эсептелет. Мында Кытайдан келген импорт 45 эсе өсүштү көрсөткөн.

Ал эми расмий экспорт 8,7 миң даана же 70 млн долларга чукул болгон. Анын 72% же 6 миңден ашууну Орусияга кеткен. Ошол эле маалда, импорттолгон автоунаалардын 90% Кыргызстанда унаа катары катталбай, бажы тариздөөсүнөн товар катары эле өтүп кеткендиктен, ишкерлер транзит жолу менен Орусияга өтүп кеткен автоунаанын саны мындан ондогон эсе көп экенин айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG