Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Өзбекстан алтын сатууда алдыга озду


Өзбекстан дүйнөдө алтын экспорттоо боюнча биринчи орунга чыкты. Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин статистикасында расмий Ташкент март айында 11 тонна баалуу металл сатканын көрүүгө болот.

Талдоочулардын эсебинде, бул жаңылык өзбек экономикасындагы көйгөйлөрдөн кабар берет. Алардын маалыматында, Ташкенттин экономикасы соңку жылдары сезилерлик өзгөрүүлөргө карабай дагы эле туңгуюкта калууда.

“Озодликтин” Алтын боюнча дүйнөлүк кеңешке таянып жазганына караганда, Өзбекстан март айында он тонна алтын саткан Тайландды жана төрт тонна алтын саткан Иорданияны артка калтырды.

Президенттин алдындагы Статистика агенттигинин баяндамасына караганда, 2024-жылдын башынан бери өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 11,8% көп алтын экспорттогон. Былтыр үч айда 3,06 миллиард долларды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 3,42 миллиард долларга жеткен.

Өзбекстан – мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин арасынан алтын өндүрүү боюнча Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Бул тармак толугу менен өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөт жана узак убакыттан бери өзбек экономикасынын таянычы катары саналат.

Британиядагы Central Asia Due Diligence изилдөө компаниясынын директору Алишер Илхомов Ташкенттин алтынды ири көлөмдө сатып жатышын эки себепке байланыштырды.

"Биринчиси - учурда алтын баасы азыр кескин жогорулаганы байкалууда. Февралдын башынан апрелдин соңуна чейин 15% көтөрүлдү. Азыр кичине басаңдап калды, февралдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 10% өстү. Өзбекстан бул учурдан пайдаланып, киреше таап калууну көздөсө керек. Ал эми дүйнөдө алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы согушка байланыштуу өсүп жатат. Экинчи себеби, Өзбекстан азыр бюжеттеги жыртык-тешиктерди жабуу үчүн кошумча кирешеге муктаждай. Быйыл алтынды ушул ыргакта сатуу улана берсе, анда бир жылда өндүрүлгөн алтындын көлөмү жетпейт. Жыл соңунда сатуу көлөмү азайышы ыктымал", - дейт Илхомов.

Көп мамлекеттердин Борбордук банктары бул баалуу металлды топтоп, кармап турууга аракет кылганы менен, Өзбекстан бул тенденцияны колдобойт. Өлкөдөгү бир катар экономикалык көйгөйлөрдү жана дүйнө базарындагы алтындын наркын эске алуу менен өзбек бийлигинин баалуу металлды сатуу чечими логикалык жактан алганда туурадай.

Талдоочулардын баамында, алтынга көз карандылыктын өсүп жатышы экономикадагы көйгөйлөрдөн кабар берет. Ташкенттин экономикасы соңку жылдары сезилерлик өзгөрүүлөргө карабай дагы эле туңгуюкта турат.

"Алтынды резервде сактоо керек"

Президент Шавкат Мирзиёевдин доорунда алтын боюнча эл аралык резервдердин үлүшү кыйла өстү. Мирзиёев бийликке келген 2016-жылы 50% аз болсо, Борбордук банктын маалыматына ылайык, азыркы учурда үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

Борбордук банктын төрагасы Бекзод Хамраев 2022-жылдын ноябрь айында Bloomberg басылмасына курган маегинде өлкө стратегиясын сүрөттөп жатып, “азыр биз үчүн эки фактор бар: азыркы баа жана келечектеги баа” деп айткан.

Ал кезде Өзбекстан алтын сатып алуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирчү.

“Алтындын баасы өсүп жатабы, же өзүнүн жогорку чегине жеттиби, же төмөндөп жатабы? Азыр биз дал ушул суроого жооп издеп жатабыз. Эгер баа көтөрүлсө, биз сатпай турушубуз керек”, - деген эле ал.

Быйыл алтын сезилерлик кымбаттады. 1-январдан тартып биржадагы баасы 13% ашуун жогорулады.

“Газета.uz” басылмасы жазгандай, “Борбордук банктын алтын резервдеринин баасы, аны сатканына карабастан март айында алты пайыздан ашуун жогорулады. Жыйытыгында банктагы алтын куймалар 10,9 тоннага кыскарып, 357,7 тоннага жетти. Бул эки жылдык минимумду түзөт".

1-майга карата, Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 34,2 миллиард долларды түзөт. Анын 26,5 миллиард доллары алтынга туура келет.

Алтындын кымбатташы Өзбекстанга 2019-жылкы евро облигациялар боюнча бир миллиард доллар карызды төгүү маселесин жеңилдетти.

Бул деген Ташкенттин каржылык изоляциядан чыгышын айгинелейт.

Анткен менен учурда Кошмо Штаттарда жашаган өзбекстандык мурдагы аткаминер Смаил Оспановдун айтымында, бул өзбек экономикасынын өтө начар абалынан кабар берет.

“Өкмөт бош казынаны алтынды сатуу менен жабууга аракет кылып жатканы өлкө экономикасынын кейиштүү абалынан кабар берет. Эгер карап көрсөк, Өзбекстан негизинен алтын экспорттойт. Соңку он жылдыктарда өкмөт өз экономикасын диверсификациялай алган жок. Алтын резервде кармачу нерсе да”, - деди ал “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде.

Өзбекстандын соода балансынын таңкыстыгы 2023-жылы буга чейин болуп көрбөгөндөй 13,7 миллиард долларды түздү. Экспорт 24% өскөнү менен анын көп бөлүгү алтындын рекорддук сатылышына туура келет.

Тактап айтканда, сегиз миллиард долларга жетип, экпорттолгон товарлардын жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев III Ташкент эл аралык инвестициялык форумда сүйлөп жатат. 2-май, 2024- жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев III Ташкент эл аралык инвестициялык форумда сүйлөп жатат. 2-май, 2024- жыл.

Карыздар

Мирзиёевдин бийликтеги алгачкы жылдары ири экономикалык реформалар менен коштолгон.

Ал автократ, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда узак жылдар бою өкмөт башчынын кызматын ээлеп келгени менен бийликти колго алгандан кийин экономикага көз карашы такыр башкача экенин демонстрациялаган.

Каримовдун чейрек кылымдык башкаруусунун соңку жылдары мамлекеттик карыз ички дүң өнүмгө карата 10-15% түзгөн.

Учурда Өзбекстандын тышкы карызы ички дүң өндүрүмдүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Соңку беш жылда ал эки эсеге көбөйгөн.

Орусия Украинага кеңири масштабда кол салгандан бери санкцияларга кабылган Москва менен тыгыз экономикалык кызматташтыктагы Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын улуттук акчасы кунун жоготконуна салыштырмалуу өзбек акчасы - сумдун куну 15% түшүп кеткен.

Мирзиёевдин тушунда башка тармактарга салыштырмалуу туризм өстү.

Бийлик аны 2025-жылга чейин ички дүң өндүрүмдүн 5% жеткирүүнү көздөп жатат.

Муну ондогон мамлекеттерге визасыз режимди алуу менен жетүү максаты бар. Бул дымактар 2018-жылы жарыяланган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам ишке ашкан эмес.

Азыр бул тармак күтүлгөн көрсөткүчтөн кыйла алыс. 2023-жылкы расмий көрсөткүчтөр көрсөткөндөй, өлкөдө 6,6 миллион чет элдик турист болгон. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 26% көп, бирок 2019-жылы келген 6,75 миллион туристтен азыраак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG