Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:54

Жаңы Эмгек кодекси иштелип чыкты. Кандай өзгөрүүлөр кирет?


Кыргызстандагы тигүү ишканасынын кызматкерлери. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы тигүү ишканасынын кызматкерлери. Архивдик сүрөт.

Жаңы Эмгек кодексинин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Ал азыркы редакцияга караганда кыйла кыска, бир катар жаңы ченемдерди камтыйт. Маселен, балдар үйлөрүн бүтүрүп чыккандарды жумушка орноштурууга квота каралууда. Өкмөт жаңы жылдык жана май майрамдарын белгилөөнү да сунуштоодо.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Эмгек кодексин өзгөртүү чечимин кабыл алды. Жаңы долбоор депутаттардын кароосуна коюлду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2004-жылы кабыл алынган кодекс азыркы шарт-жагдайга жооп бербей калганын белгиледи.

“Учурдагы Эмгек кодекси 20 жыл мурун кабыл алынган, бул убакыт аралыгында ага 35ке жакын өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондуктан атайын жумушчу топ түзүлдү, ал эмгек мамилелери жаатындагы бардык ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялап, Эмгек кодексинин ар бир беренесине талдоо жүргүздү. Жыйынтыгында Эмгек кодекси жакшыртылып, айрым ченемдер башка мыйзамдарга киргизилди. Жаңы документте биз эмгек мамилелери концепциясын, бардык кепилдиктерди жана компенсацияларды жана кодекстин негизги милдеттерин сактап калдык", – деди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек бөлүмүнүн башкы адиси Асел Кемелова.

Эмгек кодексинин долбоорунда кандай жаңылыктар камтылган?

Документте майрамдык эс алуу күндөрүнө тиешелүү ченемдер каралып, жаңы жыл жана май каникулдары киргизилип, ишканалардын кызматкерлери каза болгон же майып болгон учурда аларга төлөнүүчү кенемте кыскартылып, балдар үйлөрүн бүтүргөндөрдү ишке орноштурууга квота киргизилген.

Эс алуу болгон майрам күндөрү азаят

Документте жумушту токтоткон майрамдарды белгилөө сунушталат – тийиштүү даталар майрам бойдон кала берет, бирок кызматкерлер ошол күндөрү эс алышпайт. Министрлер кабинети мындай майрамдарга 23-февралды, 7-апрелди жана 7-8-ноябрды кошууну сунуштоодо.

“Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргыз Республикасында СССРдин бардык мамлекеттик майрамдары сакталып калган, аларга диний майрамдар, ошондой эле бир катар жаңы революциялык-саясий майрамдар кошулган. Чындыгында эс алуу күндөрүнүн саны он төрттөн ашат. Майрамдардын санын кыскартуу мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизиши мүмкүн. 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь – мамлекеттик майрамдар, бирок алар жалпы улуттук мааниге ээ эмес. Демек, бул майрамдарды жумуш менен айкалыштыруу коомдук маанайга олуттуу таасирин тийгизбейт жана калктын нааразылыгын жаратпайт”, – деп айтылат документтин негиздемесинде.

Жаңы кодексте Министрлер кабинети майрам дем алыш күндөрүнө туш келгенде ал күндөрдү жылдыруу салтынан баш тартуу да сунушталат. Ошону менен бирге январдын башында жаңы жылдык каникулду жана май айынын башында майрамдык каникулду киргизүү да сунушталып жатат.

Эмгек мамилелери

Жаңы Эмгек кодексинин долбоорунда иш берүүчү менен кызматкердин электрондук форматта эмгек келишимин түзүүсүнө жана электрондук эмгек китепчесин жүргүзүшүнө мүмкүндүк берүүчү ченем каралган.

Ошондой эле кодекстин долбоорунда тараптардын макулдашуусу боюнча жумуштун аралыктан иштөө жана аралыктан айкалыштырып иштөө түрү аныкталышы мүмкүн деген ченем киргизилген.

Учурдагы Эмгек кодекси аялдарды оор жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга иштетүүгө тыюу салат. Жаңы кодекстин долбоорунда бул тыюуну кош бойлуу жана бала эмизген энелерге гана калтыруу сунушталууда.

Эмгек министрлигинин адиси Асел Кемелова белгилегендей, кодекс кабыл алынса, кийинчерээк аялдардын иштөөсүнө расмий тыюу салынган кесиптердин тизмеси да өзгөртүлөт. Бул тизмеге ылайык, азыр кыргызстандык аялдар 14төн ашык жүргүнчү сыйган шаар аралык автобустардын жана жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын айдоочусу боло албайт. Ошондой эле аялдар суучул, ширетүүчү, кен казуучу ж.б. боло албайт. Жалпысынан тизмеде аялдар иштесе болбойт деген 400дөн ашык кесип бар. Буга чейин айрым кыргызстандык аялдар мындай тизмени жокко чыгарууну жактап келишкен.

Мындан тышкары, жаңы Эмгек кодексинин долбоорунда балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн квота каралган. Кемелова белгилегендей, бул жаңы талап, Эмгек кодексинин колдонуудагы редакциясында андай ченем жок.

Анын айтымында, ишканада иштегендердин саны 35 адамдан ашса, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн квота кызматкерлердин санынын 3% түзөт.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн квота азыр 5% түзсө, жаңы кодексте аны 4% чейин кыскартуу сунушталууда.

Айлык төлөнбөй калганда каякка кайрылуу керек?

Сунушталып жаткан Эмгек кодексинин долбоорунда эмгек акы, өргүү акысы кечиктирилген же жумуштан бошотулганда эмгек акы төлөнбөй калган учурдагы кызматкерлердин укуктарына тиешелүү ченемдер камтылган.

Мисалы, эгерде иш берүүчү эмгек акыны төлөө, өргүү акысын төлөө, жумуштан бошоткондогу эсептешүү жана башка төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн бузса, туум ченинин 0,25% өлчөмүндө бирдиктүү пайыз белгиленген. Эмгек акыны өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтү – 3 жыл. Карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөөдөгү 200% пайыздык чен боюнча чектөө алынып салынды.

“Долбоордо иш берүүчү эмгек акыны, өргүү акысын төлөө, жумуштан бошотуу боюнча эсептешүү жана башка төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузган учурда туум ченинин бирдиктүү пайызы 0,25% өлчөмүндө белгиленген. Колдонуудагы Эмгек кодексинде 0,5 жана 0,15% болуп эки башка пайыз колдонулгандыктан, иш берүүчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген. Ошондуктан жаңы долбоордо бирдиктүү пайыз белгиленген. Бул ченемге ылайык, эгерде эмгек акы же башка төлөмдөр өз убагында төлөнбөсө, анда бул карызга мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум кошулат. Бул эреже уюмдун менчигинин түрүнө карабастан бардык кызматкерлерге тиешелүү. Эгерде иш берүүчү бул ченемди бузса, кызматкер сотко же биздин министрликтин алдындагы эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына кайрыла алат. Эмгек акыны өндүрүү боюнча доонун эскиришине келсек, колдонуудагы кодексте андай мөөнөт жок, каалоочулар 20 жылдан кийин да сотко кайрыла алат. Азыр үч жылдык мөөнөт белгилөөнү сунуштап жатабыз. 200% чен боюнча айтсак, эми иш берүүчүнүн кызматкерге карызы болсо, ал карыздын 200% жогору чегерилген сумманы төлөй албайт. Биз эми бул чектөөнү алып салмакчыбыз. Бул жумушчулар үчүн жакшы. Демек, чегерүү негизги карыздын 200% ашышы мүмкүн”, – дейт Эмгек министрлигинин адиси Асел Кемелова.

Өлүмгө тиешелүү төлөмдөр азаят

Колдонуудагы Эмгек кодексине ылайык, эгерде кызматкер жумушта майып болуп калса (каза болгон учурда деле), ага жөлөкпул берилет. Азыр жөлөкпулдун өлчөмү (каза болгон учурда) кызматкердин орточо жылдык эмгек акысынын 20дан кем эмес өлчөмүн жана III, II, I топтогу майыптык алган учурда тийиштүү түрдө орточо жылдык эмгек акысынын 3, 5 жана 10 эсесин түзөт.

Жаңы Эмгек кодексинин долбоорунда бул жөлөкпулдардын өлчөмүн бир топ кыскартуу сунушталууда. Кызматкер каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык эмес, 20 айлык маяна төлөнөт. Эгерде I топтогу майып болуп калса, кызматкердин 10 айлык эмгек акысы, II топтогу майып болуп калса – сегиз айлык эмгек акысы, ал эми III топтогу майып болуп калса – беш айлык орточо айлык эмгек акысы берилиши мүмкүн.

Министрлер кабинети суммалардын мындай кыскарышын өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөр менен түшүндүрүүдө. Маалым болгондой, коюмдар мындан 20 жыл мурун каралган: ал кезде орточо айлык маяна эки миң сомдон бир аз эле өйдө болсо, азыр 30 миң сомдон ашты.

2023-жылы май айында кырсыктан каза тапкан прокурордун үй-бүлөсүнө 21 миллион 699 миң сом төлөнүшү керек экени белгилүү болгон. Ошондо айрым депутаттар мындай жөлөкпулдардын көлөмүн азайтуу зарыл деген пикирин айтышкан.

Жаңы документ реформага шайкешпи?

Жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгуунун алгачкы этабына катышкан Эмгек изилдөө борборунун директору Элдар Тажибаев документти иштеп чыгууга бардык кызыкдар тараптар – профсоюздар, бизнес өкүлдөрү, Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери катышкандыгы туура болду дейт.

Ал кодекстин өзгөрүшүнө оң баа берип, сунушталып жаткан долбоордо жумушчулардын же иш берүүчүлөрдүн укуктарын начарлатуучу ченемдер жок экенин белгиледи. Ошол эле учурда Тажибаев эмгекти коргоого оң таасирин тийгизер айрым ченемдер киргизилбей калганын да айтты.

Элдар Тажибаев.
Элдар Тажибаев.

“Биринчиден, биз иш берүүчүлөрдү жамааттык келишим түзүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылдык эле. Бул чара бардык уюмдарда эмгек мамилелерин туура жөнгө салууга мүмкүндүк бермек. Тилекке каршы, бул сунуш өтпөй калды. Биз сунуш кылган дагы бир эреже – кызматкерлерди камсыздандыруу. Азыр кодекстин долбоорунда майып болуп калган же өлүмгө учураганда кенемте төлөө боюнча ченем бар. Бул төлөмдөрдү бир топ азайтуу сунушталууда. Биз иш берүүчү кызматкерлерди камсыздандырсын да, тийиштүү түрдө, кырсык болгон учурда кенемтени камсыздандыруу компаниясы төлөп берсин деп сунуштаганбыз. Эми кодекс кабыл алынса, кенемтенин өлчөмү аз болот. Жалпысынан олуттуу мазмундук өзгөрүүлөр болгон жок, жаӊылыктар кодексти жөнөкөйлөштүрүү жана санариптештирүү маселелерине – аралыктан иштөө, электрондук эмгек китепчелери жана башкаларга көбүрөөк тиешелүү", – деп белгиледи Тажибаев.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин экономика жана каржы секторунун башчысы Чолпон Жолдошева кодексти реформачыл деп атоого болбойт деген пикирге кошулат. Ал дагы ушул документти иштеп чыгууга катышкан.

Жолдошева колдонуудагы Эмгек кодекси жумушчулардын укуктарын коргоого көбүрөөк багытталган, ал эми жаңы кодекстин долбоорунда бул оош-кыйышты жоюуга аракет кылынган деп эсептейт.

“Чынын айтканда, кээде абийирсиз жумушчулар колдонуудагы Эмгек кодексинин айрым ченемдерин кыянаттык менен пайдаланышат. Ошондуктан биз бул мүчүлүштүктү жоюп, кодексти мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүнү сунуштадык. Азыр Эмгек кодексинин концепциясы негизинен сакталып калды, бирок өтө олуттуу өзгөртүүлөр да киргизилди. Биз кызматкерлердин кыянаттык менен пайдалануусуна мүмкүндүк берген ченемдерди алып салууга аракет кылдык. Бирок, албетте, муну реформачыл документ деп айтууга болбойт. Мисалы, бюрократия аз болсун деп эмгек китепчесинен биротоло кутулсак жакшы болмок, анткени азыр санариптештирүү доору эмеспи. Бизге келген көптөгөн чет элдиктер эмгек китепчесин ачып, бирдемелерди жазуу керектигине таң калып жатышат", – деп белгиледи Жолдошева.

Кыргызстандын алгачкы Эмгек кодекси 1998-жылы кабыл алынган. Азыр колдонулуп жаткан экинчи редакциясы 2004-жылы, туура 20 жыл мурун кабыл алынган. Ошондон бери ага көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилген. Эксперттер бири-бирин кайталоочу көп ченемдерди камтыган документ көлөмдүү экенин белгилешет. Бирок, долбоордун реформачыл эместигине карабастан, кодекстин жаңы редакциясынын кабыл алынышын жалпысынан өлкө үчүн жакшы кадам деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG