Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

Өкмөттүн пенсияны жашоо минимумунан көтөрүү дымагы


Ноокаттагы чайканада эс алып отурган аксакалдар.
Ноокаттагы чайканада эс алып отурган аксакалдар.

Кыргыз бийлиги 1-октябрдан баштап пенсиянын эң аз өлчөмү 6800 сомдон кем болбойт деп жарыялады. Муну менен өкмөт 2021-жылдагы Конституцияга киргизилген "пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек" деген жобону аткарууну көздөп жатат.

Буга чейин Министрлер кабинети Баш мыйзамдын бул жобосун аткарууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, оппозициянын сынына кабылган эле. Пенсияны көтөрүү боюнча бул жолку аракеттен кандай майнап чыгат?

Пенсия бир айга жетеби?

Балыкчы шаарынын тургуну, жашы 70тен өткөн Советкан Айыпова 11 миң сом пенсия алат. Анысы бир айлык керектөөсүнө жетпей турганын "Азаттыкка" айтты:

"Жайкысын эптеп жеткиребиз. Күз, кышта көмүргө, электрге төлөгөндө эле акча түгөнөт. Азык-түлүктүн баары кымбаттады. Базарга барып, бирин алып, бирин албай кетебиз. Күзүндө пенсия көбөйөт дегенди уктум. Канча пайызга көбөйөт, анысын билбейм. Ысык жан, кээде ооруп каласың, дары-дармек алыш керек. Тууган-туушкандардын арасында жакшылык-жамандык болуп калат, ага да каражат жумшайсың. Эптеп жашообуз өтүп жатат".

Ал эми Баткендин Кыштут айылынын тургуну, 65 жаштагы Назиржан Айдаров пенсиянын өлчөмү элетте тиричиликке жетип жатканын билдирди:

"Мен 5000 сом пенсия алам, андан тышкары чек арада жашаганым үчүн дагы 2000 сом кошуп, 7000 беришет. Бул мага бир айга жетет. Айылдыктардын мал-жандыгы, тамаркасы бар. Ошолор менен күн кечиребиз. Шаарда жетпесе керек. Эгер пенсиямды 10 миң сом кылып койсо, өтө кубанат элем".

"Пенсия 6800 сомдон кем болбойт"

Президент Садыр Жапаров 22-майда Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” деп аталган программаны жарыялаганда күздө пенсия көбөйөрүн билдирген:

“Ушул жылдын 1-октябрынан тарта Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес өлчөмдө болорун сиздерге чоң кубаныч менен жарыялай кетейин. Мен бул мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. Бул багыттагы иштерди улантабыз”.

Жапаров 2021-жылкы Конституцияга пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо кошулганын белгилеп, мамлекет тышкы карызды элге оорчулук келтирбей төлөөгө дарамети жетерин айтты.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Азаттыкка” билдиргендей, пенсиянын эң аз өлчөмүн 6900 сомго чыгаруу эки баскыч менен жүргүзүлөт:

"1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 170 сомго чыгарылып, теңделет да, жыйынтыгында 3 500 сомдон кем пенсия болбойт. Ал эми 1-октябрдан тартып өлкөдө пенсия 6900 сомдон кем болбойт. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% көбөйөт. Демек, пенсионерлердин пенсиясына миң сомдон кем эмес акча кошулат".

Алиев бейшембиде журналисттерге маалымат бергенде, эң төмөнкү пенсияны жашоо минимумуна теңөө үчүн үч жылда бюджетке кошумча 60 млрд сом табууга туура келгенин белгилеп, мындан ары жыл сайын пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунан кем эмес деңгээлге көтөрүлүп турарын билдирди.

Баткендик апалар айылдагы иш-чаралардын биринде. "Азаттыктын" архиви.
Баткендик апалар айылдагы иш-чаралардын биринде. "Азаттыктын" архиви.

Жашоо минимуму жана пенсиянын өлчөмү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген. Экономист Эркин Абдыразаков инфляциянын азыркы деңгээлинен караганда бул акча айлык керектөөнү каптабай турганын белгилейт:

"6800 - бул мындан он жылдай мурунку жашоо минимуму деген сөз. Калориялуу тамак-аш жана кийим-кече менен эсептегенде, бир айга бир кишиге бул сумма жетишсиз. Бирок мамлекетти эле карап отура бербей, өкмөттүк эмес пенсиялык фондду уюштурууну да жолго коюш керек. Буга шарт түзүлүшү кажет. Ким кааласа, камсыздандыруу төлөмүн төгүп, пенсияны көбүрөөк алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Конституцияда кепилденген жобону аткара беришсин. Буга жакшы аракет болуп жатат деп ойлойм. Жыйынтыгын күзүндө көрөлү, "жөжөнү күзүндө сана" деп айтат эмеспи".

Соцфонддун 1-майдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Алардын 400ү айына 50 миң сомдон көп пенсия алат. Пенсиянын орточо көлөмү 9170 сом. Эң аз пенсия 1500 сомдун тегерегинде.

1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787 миңге жетет деп болжолдонууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өкмөт Конституциядагы жашоо минимуму боюнча ченемди аткарбай жатканын айтып, Министрлер кабинетин сындаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мунун себебин өкмөттүн алына, өлкөдөгү экономикалык шартка байланыштырган.

Конституциядагы бул ченем боюнча Министрлер кабинети Конституциялык сотко кайрылган. Сот Баш мыйзамдын “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген беренесиндеги талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбайт, ал максат деп чечмелеп берген.

Кыргызстанда пенсияга аялдар 58, эркектер 63 жаштан чыгат.

Ала-Букада тартылган сүрөт. Архив.
Ала-Букада тартылган сүрөт. Архив.

Соцфонддун төрагасынын айтымында, учурда Пенсиялык топтомо фондунда 44 млрд сом бар, анын 85% мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган. 15% коммерциялык банктарга депозит катары берилген.

Социалдык фонд 2023-жылдын аягында жалпы суммасы 800 млн сомго жакын пенсиянын топтомо бөлүгү 4 миңдей адамга берилгенин кабарлаган.

КМШ (көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) арасында Кыргызстан эң аз пенсия төлөгөн өлкөлөрдүн катарында экени Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдагы баяндамасында айтылган.

Расмий эсеп боюнча, мамлекетте жашы 80ден ашкан 60 миң адам бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG