Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:20

Эки миңдей тажик жараны согушкерлерге кошулган


Ирак сотундагы тажикстандык аялдар (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Тажикстандын атайын кызматы Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарынын саны 1900гө жеткенин билдирди. Буга чейин коңшу өлкөнүн бийлиги алардын саны миңден ашуун экенин айтып келген.

Коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров согушка кеткендердин басымдуу бөлүгү мигранттар экенин билдирди. Ал парламентте туруп Сирияга мигранттар Москвадан, Бишкектен, Дубайдан жана Бакудан Түркияга барып, андан ары өтүп жатышканын айтты. Мындан тышкары тажик атайын кызматы радикалдашкан динчилдердин көбөйүшү, диний баалуулуктарды агрессивдүү жайылтуу, көмүскө диний окуу жайларынын көбөйүшү, Интернетте экстремисттик идеялардын таралышы да жарандардын Сирия менен Иракка агылышына түрткү болгонун белгилейт.

Буга чейинки тажик бийлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан тартып "Ислам мамлекети" террорчул уюмуна 1100дөн ашык тажик жараны кошулган. Алардын 400дөн ашууну аялдар жана балдар. Булардын ичинен Сирия менен Ирактагы согуштарда жалпысынан 300дөй адам окко учкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG