20-ноябрда АКШнын Тажикстандагы элчиси Кевин Коверт коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, Хожент шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңду талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилигинен билдиришти.
Америкалык дипломат жолугушууда түрмөдөгү тополоңду басуу кандай ишке ашканына кызыкты. Ал ошондой эле жабык жайдагы кандуу окуяны иликтөө мыйзам чегинде жүрүшү керектигин баса белгиледи.
Элчи АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандагы адам укуктарынын абалына такай көз саларына да токтолду.
Хоженттин абагындагы кандуу окуядан кийин Британиянын элчиси Хью Филпотт, Евробиримдиктин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан.
Хожент шаарында тополоңдон кийин түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзод камакка алынды. Ага "шалаакылык кылган" жана "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айып тагылды.
Бейрасмий маалыматка ылайык, 8-ноябрга караган түнү түрмөдө болгон окуяда кеминде 50 киши өлгөн. Жарадар болгондордун саны канча экени белгисиз. Абактын жети кызматкери ооруканада жатат.
Тополоң үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган.