Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Мадумаров: биздикилерге түштөн кийин акыл кирет (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады:

- Атамбаевдин берген интервьюсу боюнча, "кечиккен махабат" деген түшүнүк бар го. Бул өтө кечиккен өкүнүч. Кээ бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ошол туура айткан жерлерин бир жарым жыл премьер-министр, алты жыл президент - жалпысынан жети жарым жыл бийликте отурганда жасап коюшу керек эле. "Менин командамды соту жок камап койду" деп атпайбы. Ал нерсе мурда да болуп келген. Мына, "көптөгөн суроолорго жооп берилбей жатат" деп атпайбы. Ал кезде да жооп берилген эмес. Кезинде мен өз колум менен жазып, 2011-15-17-жылдардагы шайлоолордогу ар бир мыйзам бузуу фактыларын дискке көчүрүп бергем. Кыргызстандагы мыйзам бузуу боюнча фактылар менен дискти Сапар Исаковдун колуна тапшыргам. Бирок жооп берген жок да! "Туура" деп да, "туура эмес" деп да айткан жок. Бүгүн эми ушундай абалга кептелдик. Биздикилердин акылы түштөн кийин кирет.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, азыркы бийликти "Бакиевдин жолуна түштү" деп айыптады. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин камалышы жана журналисттер менен соттошуу жаатындагы суроолорго да жооп берип, "андай кылбасам деле болмок" деген таризде жооп берген.

Сооронбай Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты Атамбаевдин билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек. (NT)

Маалымат жыйындын толук видеосу

XS
SM
MD
LG