Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Кытайда машине окуучуларды тебелетип кетти


Кытай.
Кытай.

Кытайдын полициясы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы башталгыч мектептин жанында бараткан окуучулардын тобун тебелетип кеткен айдоочуну кармады. Ляонин провинциясынын Хулудао шаарында болгон бул окуядан беш окуучу көз жуумп, дагы 18и жабыркаган. Айдоочу балдарды атайын же кокусунан сүзгөнү белгисиз. Полиция окуя боюнча комментарий бере элек.

Аныктыгы белгисиз видеотасмадан көрүнгөндөй, автоунаа тескери тарапка бурулуп, балдарды тебелетип кеткен.

Кытайда автокырсык көп катталат. Ушул айдын башында Чунцин провинциясында автобус көпүрөдөн кулап кетип, 13 киши көз жумган. Ал кырсыкка жүргүнчүнүн айдоочу менен уруша кеткени себеп болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG