Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

КСДП штабынын эсепчисинин уулу да өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун инаугурациясында. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун инаугурациясында. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабынын эсепчисинин баласы да өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланаардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 18-ноябрда экс-президенттин интервьюсу тууралуу анонс берилгенден кийин эсепчинин баласы да өлкөдөн сыртка кеткен.

ИИМ алардын өлкөдөн кандай максатта чыгып кеткенин билдирген жок. Мекеме экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары иликтене баштаганын кабарлады. Ал "2017-жылдагы президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер жарыялангандан кийин КСДП партиясынын штабынын эсепчисинин жана анын үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулду" деп билдирген.

Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” каналындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

КСДП Надира Сатыгул коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бирок анын качан жана кайсы мамлекетке кеткени тууралуу маалымат берген эмес.

Надира Сатыгул кызы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү болуп иштеп келген, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партиянын тизмеси менен депутаттыкка да ат салышкан. Буга чейин анын уулу Адилет Сатыгулов БШКнын мүчөсү катары бекитилген эле.

"Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин укук коргоочу Нурбек Токтакунов ноябрдын башында "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Анда Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени айтылган. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG