Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары митингге чыгышты


Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү Мелис Калыковдун тарапташтары 26-ноябрда митингге чыгышты.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысы маалымдагандай, жүздөн ашуун киши "прокурор өлтүрүлгөн күнү аны менен аңчылыкка чыккан алты прокурор да жооп бериши керек" деген талапты коюп жатышат.

Буга чейин шектүүнүн жакындары окуяга кылмыштуу топ аралашканын белгилеп, иш терең иликтенбей жатканын билдиришкен.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Мамажакыповдун өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалып, эки айга камалган. Облустук прокуратурадагы алты кызматкер убактылуу иштен алынган.

Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитова уулун күнөөлүү деп эсептебей турганын буга чейин “Азаттыкка” айтып берген эле. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG