Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттары азайды


Борбор Азиядан барган мигранттар Орусиянын Федералдык миграция кызматында. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Борбор Азиядан барган мигранттар Орусиянын Федералдык миграция кызматында. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Жыл башынан бери Орусияга Кыргызстандан барган эмгек мигранттары былтыркыдан эки эсе азайды. Бул тууралуу Орусиядагы мигранттар федерациясы маалымдады. Быйыл бул өлкөгө иштегени барган мигранттардын саны боюнча Кыргызстан төртүнчү орунда. Уюмдун эсебинде, быйыл январь айынан бери Орусияга 248 миңдей кыргызстандык мигрант кирген.

Борбор Азиядан биринчи орунда Өзбекстан турат. Быйыл январдан сентябрга чейин коңшу мамлекеттен үч миллион 400 миңдей мигрант Орусияга кетсе, Тажикстандан бир миллион 700 миңдей адам иштегени барган. Ал эми үчүнчү орунда Украина турат. Эмгек мигранттары негизинен Москва облусуна барышат. Андан кийин эле Краснодар, Самара, Новосибирск, Ханты-Мансы, Красноярск жана Иркутск облустарында басымдуулук кылат.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, 1991-жылдан бери 500 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Бирок эл аралык уюмдардын байкоосунда орус жарандыгын алган кыргызстандыктар андан кыйла көп болушу мүмкүн. Анткени айрым мигранттар Орусияда социалдык жеңилдиктерге карап жарандык алган. Ошол эле учурда кыргыз паспортун да тапшырган эмес.

XS
SM
MD
LG