Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Бишкекте автоунаа эвакуациялаган фирмага кылмыш иши козголду


Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.
Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.

Башкы прокуратура Бишкек шаарында автоунааларды эвакуациялаган фирмага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 166-беренелери (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, тергөө учурунда Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы баш калаада автомашиналарды ташуу кызматына тендерди мыйзамсыз өткөргөнү аныкталды. Алгач бул кызматтын наркы 1 сом деп көрсөтүлүп, кийин бир фирма менен 1 350 сомго келишим түзүлгөн.

Мындан сырткары, 2018-жылдын июнь айында ыкчам издөөнүн натыйжасында эреже бузгандыгы үчүн айып короосуна ташылып келген автоунаалар тиешелүү жазана төлөбөй чыгарылып жиберилгени такталды. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүү иштерин Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) менен чогуу жүргүзгөн. Ишти тергөө тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаарында мурдараак токтоп калган, уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо быйыл январь айында кайра башталган. ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автоунааларды мажбурлап ташып кетүү боюнча тендерден утуп алган “Портал групп” фирмасы кызмат көрсөтөрүн билдирген. Бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сомду түзөт жана бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG