Кошмо Штаттардын аскердик жетекчилиги Ооганстандын Газни шаарында жолдогу жардыруудан кеминде үч аскери каза болгонун кабарлады. 27-ноябрдагы кол салуу үчүн “Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды.
АКШ армиясы билдиргендей, колго жасалган заттын жарылуусунан дагы бир америкалык кызматкер жарадар болгон. Башка маалымат бериле элек.
Жоготуулар АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы талибдер менен расмий тынтчык процессин баштаган учурга туш келди.
Сентябрь айынын башында да Ооганстанда АКШнын аскери мерт болгон. Төрт ай мурда Урузган провинциясында да ооган жоокери АКШнын бир аскер машыктыруучусун атып өлтүрүп, экөөнү жарадар кылган.
Азыр Ооганстанда НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын алкагында 14 миңдей америкалык жоокер бар. (ErN)