Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Саясий технолог өз атынан Атамбаевге жазылган катты төгүндөдү


Каттын тексти.
Каттын тексти.

Интернет айдыңында Кыргызстанда сегиз жыл эмгектенген орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкийге таандык экени айтылган, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жазылган кат тарады.

Анда Василивецкий өлкөдөн кеткендиги үчүн Атамбаевден кечирим сурап, шайлоого кеткен чыгымдар тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу эртерээк болгондугун жана Атамбаев мындай иш-аракети менен өзүнүн да, Василивецкийдин да аброюн түшүргөнү жазылган.

"Шайлоого кеткен чыгымдарды ачыкка жарыялоо эртелик кыларын айткам. Бирок сиз менин жүйөлөрүмдү жана акылымдын үнүн уккуңуз келбей койду. Бул окуя сиз экөөбүздүн аброюбузду айрандай төктү. Андан сырткары сиздин атыңыздан сиздин жардамчыларыңыз мени коркутканга өтүштү. Мен үчүн эки тараптын кысымында калуу оор. Сиз дайым ачууңузга алдырып, башкаларды күнөөлүү кылып, аларды таштап кете бересиз. Мен андайлардын арасында болгум келбейт. Мен Кыргызстанда өткөргөн сегиз жыл бою өз ишимди чын дилимден жана жакшы аткардым деп эсептейм. Мен актанбайм, бирок мени түшүнүүнү жана кечирүүнү суранам", деп жазылган катта.

Бирок бүгүн, 28-ноябрда бул тууралуу жазган саясатчы Эмилбек Каптагаевдин "Фейсбуктагы" постуна аккаунту Василевецкий катары катталган адам жооп жазып, Атамбаевге андай кат жазбаганын, Атамбаевге дооматы болсо өзүнө деле айтуу колунан келерин билдирип, анын атынан жазылган каттын сүрөтүн алып салууну суранган.

Сегиз жылдан бери Кыргызстан социал-демократиялык партиясында (КСДП) иштеп келаткан орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкий Кыргызстандан чыгып кеткенин, акыркы президенттик шайлоодо ал кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегенин видеотасма аркылуу коомчулукка жарыя кылган. (KR)

XS
SM
MD
LG