Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Жапония Тажикстанга төрөттү азайтууга көмөктөшөт


Тажикстандын Нурек шаарындагы дарыкана. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Тажикстандын Нурек шаарындагы дарыкана. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги Токио Дүйшөмбүгө жакынкы төрт жылда атайын программанын алкагында 20 миллиондон ашуун бойго бүтүрбөөчү каражаттарды жеткирерин билдирди. Бул үчүн Жапония эки жарым миллион доллар каражат бөлгөн.

Жакында эле Дүйнөлүк банк да Дүйшөмбүгө өлкөдөгү төрөт көрсөткүчүн азайтууну сунуш кылган. Адистердин эсебинде, Тажикстандагы жакырчылык менен жумушсуздук демографиялык көрсөткүчтөрдүн жогорулашына түрткү болуп жатат.

Коңшу мамлекетте соңку 15 жыл ичинде калктын саны 26% көбөйгөн. Эгер мындай ыргак сакталса, 2020-жылы калктын саны 10 миллиондон ашканы турат. Быйыл майда Тажикстанда тогуз миллионунчу жаран жарык дүйнөгө келген. Орто эсеп менен алганда бир аял төрт бала төрөйт. Ал арада консервативдүү топтордун өкүлдөрү бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу исламдын негиздерине туура келбесин айтып, сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG