Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:11

Майлуу-Суудагы аскер бөлүктүн эки кызматкери үч жылга соттолду


Иллюстративдик сүрөт

Майлуу-Суу шаарында №30295 аскер бөлүгүндө кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевдин окуясына байланыштуу аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары жана курулуш маселелери боюнча сержант үч жылга шартүү кесилди. Мындай чечимди Майлуу-Суу шаардык соту бүгүн чыгарганын “Кылым шамы” уюмунун кызматкери Абдуназар Маматисламов “Азаттыкка” билдирди.

- Жогорудагы эки кызматкер окуяга түздөн-түз тиешеси бар, өз учурунда алдын алган эмес деп “Шалаакылык” беренеси менен күнөөлөнүп, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Башында аскер бөлүктөгү бул окуяга командири жана штаб башчысы да күнөөлөнүп, кийин тергөө учурунда иш кыскартылган, – деди Маматисламов.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ал быйыл жазында аскерге чакырылган. Майлуу-Суу шаарында 8-августта кызмат учурунда токко урунуп, эки колунан ажыраган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип кеткенин билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG