Жалал-Абад шаарындагы №10 абакта жаза мөөнөтү аяктарына жарым жыл калган кишилерди эркиндиктеги жашоого даярдаган реабилитациялык пробация борбору ачылды.
Узаган аптада ачылган борбордо тигүүчүлүк цехи жана сүрөткана иштеп, ага жыйырмадай соттолуучу тартылды. Мындан тышкары, бир психолог да иштейт.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдиргендей, борбор 2019-жылы Кыргызстанда күчүнө кирчү "Пробация мыйзамын" ишке ашыруу максатында КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи жолу ачылды.
Борборго тартылган кишилерге адистер коомчулук менен аралашууга көмөк көрсөтүшөт.
Аны уюштурууга Борбор Азияда түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык долбоор колдоо көрсөткөн. (RsK)