Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:46

Кыргызстандагы түрмөлөрдү реформалоо боюнча атайын долбоордун максаты - абак системасын модернизациялоо, анда кармалган адамдардын санын азайтуу жана жазалоонун альтернативалуу формаларын киргизүү. Реформанын укуктук базасын бекемдеген “Пробация мыйзамы” 2019-жылдан тарта күчүнө кирет.

Борбор Азияда түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык долбоордун директору Азамат Шамбилов “Азаттык” радиосуна курган маегинде жаза өтөө системасын жаңылоонун маанисине токтолду.

"Азаттык": Азамат мырза, сиздер Кыргызстанда эки жылдан ашуун иш жүргүзүп жатасыздар. Сиздин байкооңузда бул өлкөдөгү абак жайлардын абалы кандай?

Азамат Шамбилов: Башка бардык пост-советтик өлкөлөрдөй эле, Кыргызстандын пенитенциардык системасы реформалоого муктаж. Системаны реформалоодогу артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча кыргыз өкмөтү менен жарандык коомдун ортосундагы диалогду камсыз кылуу, түрмө системасын оңдош үчүн кандай иштер жасалышы керек деген маселенин үстүндө бир топ иштерди аткардык.

"Азаттык": Кандай багыттар артыкчылыкка ээ экенин да айта кетсеңиз.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

Азамат Шамбилов: Эң башкы маселе - пенитенциардык жайларда кармалган адамдардын санын азайтуу. Өзүңүздөр билгендей, Борбор Азияда, деги эле жалпы пост-советтик аймакта түрмөлөр Советтер Союзунан калган бир мурас болуп саналат. Түрмөдөгү режим буга чейин өкүм сүргөн ГУЛАГ, Карлаг (Карагандыдагы түзөтүү-эмгек жайы), Алжирдин (Акмолодогу аялдар лагери) үлгүсүндөгү лагердик жаза өтөө системасынын негизинде курулган. Алардын максаты адамдардын коомдон обочо кармалып, жаза өтөөсүнө багытталган. Ошондой эле бул өлкөлөрдүн кылмыш-жаза мыйзамдарында дагы советтик доордогу жоболор сакталып калган.

Албетте, Советтер Союзу урагандан кийин дагы пенитенциардык система өзгөрүүсүз, башкача айтканда кароосуз калган. Коом социалдык реформалар жагына өзгөрүп, алдыга жылып жатканы менен жаза өтө системасы анын сыртында калган. Анткени түрмө системасы деги эле жалпы дүйнөдө коом үчүн да, мамлекет үчүн да артыкчылыктуу тармак эмес. Андыктан биз аткарып жаткан иш дагы көпчүлүктүн колдоосуна ээ эмес, "адамдар түрмөгө отуруп, жазасын өтөсүн" деген эски ой жүгүртүү коомдо али да күчтүү.

Эгер Европа өлкөлөрүн алсак, түрмө системасы көбүнчө социалдык институттарга айланып, жарандардын коомго аралашып кетишине ыкташкан. Абактан чыккандар кайрадан кылмышка аралашпай, бир нерсе үйрөнүп, кандайдыр билим алып, эркиндикте өз жашоосун куруп кетүүгө жөндөмдүү болуп чыгышына өбөлгө түзөт.

Брейвик 21 жыл отурчу түрмө
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

"Азаттык": Азамат мырза, сиз өзүңүз белгилеп кеткендей, Кыргызстанда Кылмыш жана Кылмыш-жаза кодекстерин гуманизациялоо канчалык деңгээлде жүрүп жатат? Бул мыйзамдар өз маалында советтик мыйзамдардын базасында кабыл алынганын да айта кеттиңиз.

Азамат Шамбилов: Соңку беш жылда Кыргызстандын Кылмыш жана Кылмыш-Жаза кодекстерин гуманизациялоодо алдыга чоң кадам жасалды. Кылмыш мыйзамдарын жана кылмыш жазасын аткаруу багытында реформа жүрүүдө. Бул багытта пенитенциардык системаны өнүктүрүүнүн жаңы схемалары каралган.

Пробация - шартуу кесим формасы сыяктуу жаңы институттарды киргизүү боюнча иш жүрүүдө. Быйыл февраль айында президент “Пробация жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзам түрмө системасынын алдында турган жаңы милдеттерди аныктайт. Алардын бири - альтернативалуу жаза чегерүү. Башкача айтканда адам коомдон таптакыр оолактатылбай, үйүндө жүрөт, бирок ошол эле маалда пробациялык көзөмөлдөн өтүп турат.

Бардык өнүккөн өлкөлөрдө ар кандай үлгүдөгү пробациялык соттор иштейт. Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу мыйзамдык базасы жагынан алдыга кеткен. Пробация схемасы азырынча Казакстанда гана ишке кирген. Кыргызстанда жаңыдан киргизилип, ушул тапта алгачкы баскычында турабыз. Мыйзамдык базанын бар экендиги - иштин бир гана жагы, дагы бир тарабы – ал мыйзамдарды ишке ашыруу эмеспи.

Майда кылмышка - жеңил жаза

"Азаттык": Кыргызстанда аялдарды, өспүрүмдөрдү, оор кылмыш кылбаган жарандарды деле түрмөгө жиберүү кеңири колдонулат. Бул эмнени көрсөтөт?

Азамат Шамбилов: Мен бул суроого башка жагынан жооп берейин. Кыргызстанда азыркы күндө 1990-жылдары кабыл алынган мыйзамдар менен иш жүргүзүлөт. 2019-жылы жаңы мүнөздөгү гуманизацияланган, жаңы институттар камтылган мыйзамдар ишке киргенче мурдагылар колдонула берет. Кыргызстанда 2000-2008-жылдары кылмыш жазасын декриминализациялоо жасалган. Башкача айтканда майда кылмыш кылгандарга административдик тартипте жаза чегерүү, айыппул салуу киргизилген.

Жаңы мыйзамдын дагы бир маанилүү жагы - абак жайларында кармалгандардын санын азайтуу. Масален, жашы жете электер, аялдар жана башка аяр катмарга киргендер кылмыш кылса, аларга жумшак жаза чегерүү жагы камтылган. Бул болсо мамлекетке акча каражатын үнөмдөөгө жардам берип, зордук-зомбулук жасалбаган учурда адамдарды абакка жиберүүдөн сактап калат. Андайларга альтернативалуу жаза чегерилет, башкача айтканда алар өз үйүндө үй-бүлөсү менен жашап, ишин уланта берет. Бирок ошол эле учурда альтернативдик жазалоо чаралары колдонулат.

Ушул тапта Кыргызстан дүйнөдө түрмөлөрдүн рейтинги боюнча 220 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат. Бул тизме жазага тартылгандардын жалпы саны менен аныкталат жана Кыргызстандыкы Борбор Азияда прогрессивдүү көрсөткүч болуп саналат. Маселен, Казакстан 73-орунда турат, өнүккөн өлкөлөр тизменин этегинде жайгашкан. Тизменин башында абактары адамдарга толгон АКШ, Орусия, Кытай турат.

"Азаттык": Түрмөлөрдү реформалоону сот, прокуратура, милициясыз элестетүү мүмкүн эмес. Эл аралык уюмдар, өлкө бийлиги дагы бул институттар терең коррупциялашканын айтып жүрүшөт. Сиздер бул маселеге кандай карайсыздар?

Азамат Шамбилов: Албетте, бул жалпы пенитенциардык, түрмө реформасынын ажырагыс бөлүгү. Түрмө реформасы аларсыз өз алдынча жүрүп кете албайт. Биз мурунку жумада Бишкекте өткөн конференцияда дагы ушул тууралуу сөз кылдык. Бул реформада сот системасынын чоң ролу бар, анктени соттор коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн жаңы мыйзамдарга таянып чечим чыгарышы керек болот.

Пробация схемасы азырынча Казакстанда гана ишке кирген. Кыргызстанда жаңыдан киргизилип, ушул тапта алгачкы баскычында турабыз.

Пробация мыйзамы боюнча алсак, ага өкүм чыгаруудагы пробация, соттук пробация кирет. Демек, бул мыйзам сот системасынын кийлигишүүсүз аткарылбайт. Анткени соттук пробацияда атайын даярдалган офицер сотко чейинки докладды даярдайт. Андан соң мыйзам бузган адамдын ким экендигин, ал коомго канчалык коркунуч туудурарын социалдык кызматкерлер, пробациялык офицер баалап чыгат.

2019-жылга чейин сот системасында мыйзам бузган адамдын ишине, жеке инсандык сапатына баа берүү боюнча кошумча иштер аткарылат. Бул Кыргызстан үчүн чечүүчү мезгил болот деп ойлойм. Бул жаңы институт кылдат карап чыгып, анан ишке киргизүүгө муктаж. Сот бийлигинде атайын окуулар-тренингдер өткөрүлөт, пробация кызматын жүзөгө ашыра турган атайын башкармалык түзүлөт.

"Азаттык": Бул институт 2019-жылы ишке киришет турайбы?

Азамат Шамбилов: Ооба, ал 2019-жылдан тарта иштеп баштайт. Бирок келаткан жылы Кыргызстанда өтө маанилүү иштер аткарылат. Анткени 2018-жылы реформаны иш жүзүндө жүргүзүүнүн атайын механизмдери жана баскычтары аныкталат. Андыктан 2019-жылы күчүнө кире турган мыйзамдарды ишке ашыра баштоого жаңы жылдан тартып камылга көрүлөт. Анткени мамлекет 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирчү жазалоонун жаңы түрлөрүн колдонууга толук даярдыкта болушу керек.

Кээ бир түрмөлөр жабылат

"Азаттык": Азамат мырза, сиз бизге чечмелеп берген жаңы реформа учурдун талабы жана бул системаны чындап ондойт деген үмүттү жандырат. Ошол эле учурда жаза өтөө жайларынын абалы начар, дээрлик бардык түрмөлөр Советтер Союзунан калган. Алардын шартын оңдоо дагы реформага камтылганбы?

Азамат Шамбилов: Биз бул өңүттү дагы эске алганбыз, анткени кагазда гана реформа жүргүзүү мүмкүн эмес. 2018-жылдын мартында бул багытта кеңири форматтагы баяндаманы сунуш кылабыз. Анда абакта кармалгандардын санын азайтуу жана альтернативалуу жазалоо чараларын киргизүү боюнча 10 сунушту даярдап, талкууга коёбуз.

Документте ошондой эле эски абак системасын кайра карап чыгуу дагы камтылган. Кыргызстан болгон эски түрмөлөрүн жаап, жаңысын салат деп айта албайбыз. Ошол эле маалда ушул тапта болгон жабык жайлардын шартын карап чыгышы керек. Андагы кармалгандардын санын кантип азайтыш керек?

Өмүр бою соттолгондор түрмөсү ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Пробация кызматын ишке киргизгенден кийин абактарды азайта алабыз. Кээ бир түрмөлөр жабылат, бул шексиз. Жаза өтөө мамлекеттик кызматы менен кошо эски түрмөлөрдүн абалын карап чыгып, корутунду даярдап жатабыз. Ошол эле маалда алардын кайсылары жабылары дагы аныкталат.

Анткени түрмө реформасы мыйзамдык базага эле негизделбей, бардык системаны гуманизациялоону көздөйт. Маселенин акчалай жагын дагы талдайбыз. Айрым абактар жабылса, акча каражатын эркиндикке чыккандардын социалдык адаптациясына жумшаса болот. Мунун максаты - адамдын кайра кылмышка аралашуусунун алдын алуу.

Ошондой эле дагы бир маанилүү жагдай – кызматкерлер. Пенитенциардык системанын кызматкерлери аз айлык алышат. Алар өтө оор шарттарда нормадан ашыкча иштешет. Алар иш ордунда болгондо убактысын жазага тартылгандар менен бирге өткөрүшөт. Албетте, түрмө кызматкерлери жаза өтөгөндөрдү тарбиялап, оң жолго салып, кайра коомго кошушун күтөбүз. Бул реформа пенитенциардык системанын кызматкерлеринин ролун көтөрүп, аларды социалдык коргоо жагын күчөтөт. Кызматкерлерге мотивация берип, психологиялык жардам берүү жагы каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG