Казактардын дүйнөлүк ассоциациясынын Алматыдагы филиалы Кытайдагы казактар кабылган фактылар боюнча арыз топтой баштады. Чогултулган даттануулар мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.
"Азаттыктын" казак кызматы 1-декабрда кабарлагандай, Карлыгаш Бекпатшакызы жетектеген жумушчу топтун курамына ассоциациянын мүчөлөрүнөн тышкары, "Отандастар" фондунун жана "Жебеу" бирикмесинин өкүлдөрү да кирди. Алар кытайлык казактар кабылган жагдайдын "ийгиликтүү чечимин табууга" аракет кылышарын билдиришти.
Өткөн жумада Кыргызстанда да “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлгөн. Алар коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү үчүн 29-ноябрда жыйын өткөрүшкөн.
Соңку жылдары Кытайда улуттук азчылыктарга басым күчөгөнү айтылат.
Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тарта чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытай бийлиги жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет.
Расмий маалыматка караганда, Шинжаңда 160 миңге жакын кыргыз байырлайт. Казактардын саны миллиондон ашат.