Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Мэттис Орусияны "шайлоого кийлигишти" деп айыптады


Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынында, 4-октябрь, 2018-жыл.
Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынында, 4-октябрь, 2018-жыл.

АКШнын коргоо минитри Жеймс Мэттис Орусияны быйыл өткөн Конгресске болгон "шайлоого кийлигишти" деп айыптады. АКШнын маалымат каражаттары билдиригендей, мындай айыптоо америкалык жогорку даражалуу жетекчинин оозунан биринчи жолу чыкты.

Мэттис Калифорниядагы Рональд Рейган атындагы президенттик китепканада сүйлөгөндө “АКШ менен Орусиянын алакасы муздаганын” белгиледи. Ал бул үчүн Москваны жана президент Путинди түздөн-түз айыптап, “өз катасынан сабак албаган жакшы эмес” деп баалады.

Пентагондун башчысы “ал өткөн айдагы биздин шайлоодо дагы бирдеме жасайын деп аракеттенди жана андайды дагы эле байкап жатабыз” деди.

Мэттистин сөзүнө караганда, Путиндин АКШга карата мындай аракети «анын өз элине душмандык» кылганы, бирок орус президенти аны "түшүнбөйт деле окшойт". Коргоо министри Орусияга "ишенүүгө болбойт" деп буга чейин айтканын дагы кайталады.

АКШнын укук коргоо органдары Конгресске болгон шайлоодо "Орусиянын кийлигишүүсү мүмкүн" деген божомол дыкат иликтенип жатканын билдирген. Азырынча кандайдыр бир факт тууралуу айтыла элек. Мэттис дагы өз сөзүндө Орусия кантип шайлоого кийлигишкенинин чоо-жайына токтолгон жок.

6-ноябрда АКШ Конгрессинин 435 орундуу Өкүлдөр палатасы толугу менен, ал эми Сенаттын үчтөн бири же 35 мүчөсү кайра шайланды.

XS
SM
MD
LG