Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Футбол аянтында каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча сот уланат


Кыргызстандагы футбол ойноочу аянттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы футбол ойноочу аянттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Он бир жаштагы Алан Айсаевдин өлүмү боюнча иш Бишкектин Ленин райондук сотунда, судья Сыргак Жумадыловдун төрагалыгы алдында каралууда. Өспүрүмдүн энеси Нестан Исабекованын айтымында, 28-ноябрда сот жараянды бүгүнкүгө жылдырган.

Исабекова футбол аянтында балдардын каза болгон учурлары буга чейин деле кезиккенин, бирок анын баары кокустук катары каралып, сотко биринчи жолу жеткенин айтып жатат. Ал мындай көрүнүшкө жол бербөөгө, күнөөлүүлөрдүн жазаланышына кайдыгер карабоого, өзүн колдоого коомчулукту чакырууда.

Окуя быйыл 13-июнда Бишкектеги футбол аянтчаларынын биринде болгон. Жабырлануучу тараптын айтымында, футбол ойноп жүргөн Алан Айсаевди жана башка балдарды экинчи дарбазада ойноп жаткандар чогуу ойноого чакырган. Дарбазада турган Айсаевге катуу тебилген топ келип тийгенде кулаган дарбазанын темири басып калып, каза болгон. Уулунан айрылган үй-бүлө милициянын "дарбаза катуу шамалдан кулады" деген баштапкы маалыматына нааразы болуп, окуя боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган жана балдарды футбол ойноого тарткандарды жана топту күч менен катуу тепкендерди таап, жазалоону суранган. Иш сотто 18-октябрда карала баштаган.

XS
SM
MD
LG