Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Катар 2019-жылы ОПЕКтен чыгат


Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Ал Тани. 5-декабрь, 2017-жыл.
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Ал Тани. 5-декабрь, 2017-жыл.

Катардын энергетика министри Саад Шерида ал-Кааби Перс булуңундагы бул өлкө Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин биримдиги – ОПЕК уюмунан ушул жылдын соңунда чыгарын жарыялады.

Кааби мындай чечимди 3-декабрда баш калаа Дохада жарыялап, ал 2019-жылдын январынан тартып күчүнө кирерин билдирди. “Катардын эл аралык алкактагы ролун кайра карап чыгууну чечтик” – деди Кааби.

Министр Доха өз чечимин ОПЕКке алдын-ала билдиргенин кошумчалады. Билдирүүдө Катар суюлтулган газ экспорттоону жылына 77 миллион тоннадан 110 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатканы айтылат. Ошондой эле бул өлкө мунай өндүрүүнүн күнүмдүк көлөмүн 4,8 миллон баррелден 6,5 миллион баррелге жеткирүүнү көздөйт.

Баш кеңсеси Вена шаарында жайгашкан ОПЕК уюму Катардын чечими боюнча комментарий бере элек.

Катардын чечимине чейин Сауд Арабиясы менен уюмга кирбеген Орусия мунай өндүрүү боюнча келишимди кайра карап чыгарын жарыялашкан. ОПЕКтин курамындагы жана ага кирбеген өлкөлөрдүн мунай өндүрүүнү чектеген келишими 2018-жылдын соңунда бүтөт.

ОПЕКке кирген өлкөлөр дүйнөдө кара майдын 44% өндүрөт жана аларга мунай корунун 81% таандык.

ОПЕКтин курамында 15 мамлекет бар. Ири өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Орусия ага кирбейт, бирок кызматташып жүрөт.

XS
SM
MD
LG