Пакистандын бийлиги АКШнын президенти Дональд Трамп премьер-министр Имран Ханга кат жазып, Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүүнү суранганын маалымдады. Пакистандын маалымат министри Фуад Чхоудхри президент Трамп “талибдерди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартууда кызматташууну өтүнгөнүн” 3-декабрда билдирди.
Чхоудхринин айтымында, Трамп 17 жылдан берки ооган согушун аяктоодо Пакистан өз ролун аткарышы зарыл экенин белгилеген.
Ак үй Трамптын Исламабадга жазган каты боюнча дароо комментарий берген жок. Маалымат бышыкталса, бул август айында бийликке келген Имран Хан менен президент Трамптын түзмө-түз мамилеси башталганын көрсөтмөк.
Вашингтон менен Исламабаддын эки өлкө ортосундагы мамилени оңдоо аракетине карабай, Трамп Пакистандын бийлигин такай сындап жүрөт.
“Талибан” ооган өкмөтү менен бетме-бет отуруудан баш тартып, Кошмо Штаттар менен гана сүйлөшөрүн билдирген.