Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланат


Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 4-декабрда Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт.

20-ноябрда комитет долбоорду экинчи окууда жактырган. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, документ эми үчүнчү окууда талкууланат.

Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев баштаган топ өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Анда “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу сунуш кылынган.

“Ачык асман” долбоору тууралуу маселе Кыргызстанда 2003-жылдан бери байма-бай көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келатат. Жергиликтүү авиакомпаниялар "ал долбоор ишке кирсе банкрот болобуз" деп кооптонуп жатышат.

Кыргызстандык авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде». (NT)

XS
SM
MD
LG