Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Терек-Сайлык алты жаран эки айга, тогузу бир айга камалды


Чаткал району. Терек-Сай айылындагы митинг учурунда тартылган сүрөт.
Чаткал району. Терек-Сай айылындагы митинг учурунда тартылган сүрөт.

Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын он беш жашоочусунун бөгөт чарасы аныкталды. Алардын алтоо эки айга, тогузу бир айга камакка алынды.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, мындай чечимди Жалал-Абад облустук соту 4-декабрда чыгарды.

Мекеме ушу тапта Терек-Сайда абал туруктуу экенин, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук ички иштер башкармалыгына тергөөгө чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Учурда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отурушат. Алар “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деп айыпталууда.

Кармалгандар алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтиргени кабарланган.

3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышты. (NT)

XS
SM
MD
LG