Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ЖМК: Трамп Нойертти АКШнын БУУдагы элчиси кылып тандады


АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт. 30-ноябрь, 2017-жыл.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Америкалык маалымат агенттиктери кабарлагандай, президент Дональд Трамп Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойертти АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу элчинин кызматына тандады.

6-декабрда маалым болгондой, ABC жана “Fox News” телеканалдарынын мурдагы алып баруучусу жана кабарчысы Нойерт Никки Хейлинин ордуна барат. Хейли быйыл октябрда БУУдагы кызматынан жыл соңунда кетерин жарыялаган.

“Fox News” каналы Трамп өз чечими тууралуу "Твиттерине" 7-декабрда жазарын кабарлады.

Ак үй менен Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү бул кабарга дароо комментарий берүүдөн баш тартышты. 1-ноябрда Трамп Нойерттин талапкерлигин олуттуу карап жатканын айткан.

48 жаштагы Нойерт Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы болуп 2017-жылдын апрелинде дайындалган.

XS
SM
MD
LG