Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Түркиянын Сакария университетинде Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

Сакария Университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий иш-чара.
Сакария Университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий иш-чара.

Түркиянын Сакария университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө борбору жана аталган окуу жайдагы Кыргыз студенттеринин коомдук бирикмеси уюштурган иш-чарада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча илимий баяндамалар окулду. Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары боюнча жергиликтүү студенттерге суроо-жооп катары оюн уюштурулуп, баалуу сыйлыктар берилди. Ошондой эле кыргызстандык студенттердин демилгеси менен жазуучунун чыгармалары сахналаштырылды.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы төрөлүп, 2008-жылы көз жумган. Жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленүүдө. (ElB)

Куржундар
XS
SM
MD
LG