Француз полициясы Страсбургдагы кол салуу боюнча шек саналган Шариф Шефкат аттуу адамды издөөнү улантып жатат. Коопсуздук органдары анын сүрөтүн жарыялашты. Маалыматка караганда, 29 жаштагы Шариф буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн Францияда 27 жолу жоопко тартылган. Ал тургай бир нече жыл мурда Германияда уурулук кылганы үчүн түрмөдө отурганы ырасталды.
Страсбург шаарында куралчан адам 11-декабрдын кечинде базардын жанында ок аткан. Андан үч кишинин өмүрү кыйылган. Булардан тышкары 12 киши бычак тийип жарадар болгон. Француз прокурору Реми Эйтз шектүү кол салуу маалында “Аллах Акбар!” деп кыйкырганын айтты.
Францияда коопсуздук чараларынын деңгээли көтөрүлдү. Чек араларда, майрамдык базарларда көзөмөл күчөтүлдү.
2015-жылдан бери Францияда исламчыл согушкерлер бир нече ирет кол салган соң коопсуздук иш-чараларынын деңгээли буга чейин да көтөрүлгөн болчу.