Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Страсбургдагы кол салуу иликтенүүдө


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 11-декабрь, 2018-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 11-декабрь, 2018-жыл.

Франциянын полициясы 11-декабрда Страсбург шаарында ок аткан кишини издеп жатат. Крисмасс базарында болгон окуяда 3 киши каза тапты, 13 адам жарадар болду. Бийлик кол салууну теракт деп баалап жатат.

Кол салуу шейшембинин кечинде Страсбургдун тургундары жана туристтер жасалгаланган көчөлөргө агылып, шаардын борбору кымгуут түшүп жаткан кезде болду. Саат 8 чамасында куралчан бир киши Крисмасс базарына жакындап барып бир нече жерде ок аткан.

Расмий маалыматка караганда, 3 киши каза таап, 13 киши жарадар болду, алардын жарымынан көбү оор абалда. Кол салган адам полиция менен атышууда жарадар болду. Ал өтүп бараткан таксинин айдоочусун машинеден чыгарып өзү айдай качкан.

Француз бийлиги окуяны теракт катары сыпаттоодо. Президент Эммануэл Макрондун тапшырмасы менен ошол эле күнү Страсбургга ички иштер министри Кристоф Кастанер жөнөп кетти. Кастанер коркунучтун деңгээлин максималдуу чекке көтөрүүгө жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө буйрук берди.

- Шектүү адамды колго түшүрүш үчүн 350 полициячы тартылды. Операцияга 2 тик учак, полициянын атайын бөлүктөрү, андан тышкары аскерлердин антитеррордук кошуундары катышууда, - деди ал.

Өткөн жумада “сары желеткечендердин” нааразылык кыймылы күчөп турган кезде Франциянын бир топ аймактарында коопсуздук күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилген.

Министр шектүү адамды издөө уланып жатканын, анын тек-жайы белгилүү болгонун, буга чейинки тартип бузганы үчүн көзөмөлгө алынганын айтты. Жергиликтүү маалымат каражаттары кеп 29 жаштагы Шариф аттуу жигит тууралуу жүрүп жатканын, ал полицияда “коомго коркунуч жаратышы ыктымал” деп эсептелген кишилердин маалымат базасына киргизилгенин жазышууда.

Кабарларга караганда, шейшемби күнү эртең менен полиция карактоо ишине байланыштуу аны кармаганы барган. Бирок ал жашаган жеринде жок болуп чыккан. Полиция анын үйүнөн гранаталарды тапкан.

Ички иштер министрлиги шектүүнүн терракт жасоо мотиви болгон-болбогонун текшерип жатат.

Бийлик шаар тургундарын этият болууга чакырды. “Мектептер, бала бакчалар ачык болгону менен ата-энелер балдарын окууга жөнөтүп-жөнөтпөсүн өздөрү чечишет”, деп кошумчалады ички иштер мекемесинин жетекчиси.

Франциянын чыгышындагы Страсбургда Европа парламенти, Европа кеңеши жана Евробиримдиктин башка мекемелери жайгашкан. Дал ушул күндөрү Европарламенттин сессиясы өтүп жаткандыктан, шаар борборунда кол салуу болгон учурда европалык аткаминерлер да бар болчу.

Шаар Германия менен чек арага жакын орун алгандыктан француз бийлиги кошуна өлкөгө тиешелүү маалыматтарды өткөрүп берди. Мындан эки жыл мурун Берлинде тунистик радикал исламчы Крисмасс базарын машине менен сүздүргөндө 11 киши өлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG