Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

"Сталиндин өлүмү" тасмасы "Европадагы мыкты комедия" аталды


"Сталиндин өлүмү" тасмасынын постериндеги сүрөт.
"Сталиндин өлүмү" тасмасынын постериндеги сүрөт.

Польшада тартылган "Кансыз согуш" көркөм фильми Европа киноакадемиясынын беш сыйлыгына татыктуу болду. Тасмага "Мыкты фильм", "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкты актриса" жана "Мыкты фильм редактору" багытындагы байгелер ыйгарылды.

Ал эми британ-француз киночулары тарткан "Сталиндин өлүмү" тасмасы "Европанын эң мыкты комедиясы" номинациясын утту. Бул тасманы Орусиянын Маданият министрлиги "экстремисттик мүнөздө" деп баалап, мамлекетте көрсөтүүгө тыюу салган.

15-декабрда Испанияда өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Орусияда камалган украиналык режиссер Олег Сенцов менен орусиялык режиссер Кирилл Серебренников да сыйланышты.

XS
SM
MD
LG