Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Бишкекте мигранттар маселесине арналган талкуулар өтөт


Москва метросунда иштеген кыргызстандык мигранттар.
Москва метросунда иштеген кыргызстандык мигранттар.

Бүгүнкү талкуулар 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылы 18-декабрда мигранттар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктары тууралуу эл аралык конвенция кабыл алган.

Он жылдан кийин, 2000-жылдын 4-декабрында БУУ Эл аралык мигрант күнүн негиздеген.

Расмий маалыматка караганда, азыр ар кайсы чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 800 миңден ашат. Анын 650 миңдейи Орусияда. Иш жүзүндө Орусиядагы кыргызстандык мигранттар миллиондон ашканы айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG