Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Экс-министр Калилов орун басарынын иши боюнча суракка чакырылды


Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишине байланыштуу күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Сагын Исмаилов Бишкекте атайын жыйында билдирди.

Исмаилов Калилов жетектеген мекемеде коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги ага үч ай мурда эскертилгенин, ага карабай ал министр кезинде пара алуунун алдын албай калганын белгиледи.

6-декабрда УКМК транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.

14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу Жамшитбек Калиловду сынга алган. Калилов 15-декабрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

18-декабрда транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп министрдин орун басары Жеңишбек Ногойбаев дайындалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG