Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Чечимдин долбоору 14-декабрда президенттин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
Долбоор Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштары жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып иштелип чыккан.
Документте 2019-2023-жылдарга карата Кыргызстанды санариптик трансформациялоо, компьютерлештирүү, интернеттештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чечимдер кабыл алынган. Анын ичинде мамлекеттик органдарды санариптик кызмат көрсөтүүгө өткөрүү максаты да каралган. (ErN)