Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Трамп космос күчтөрүн түзүүнү буйруду


АКШ президенти Дональд Трамп. Филадельфия. 8-декабрь, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп. Филадельфия. 8-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өлкөнүн космостогу аскердик операцияларын көзөмөлдөгөн космос командачылыгын түзүүнү буйруду.

18-декабрда Трамп Коргоо министрлигине космос операцияларын көзөмөлдөп, уюштурууну караган, техникалык прогрессти тездеткен жана АКШнын космостогу жабдууларын, анын ичинде спутниктерди коргоонун натыйжалуу жолдорун караштырган жаңы командачылык түзүүнү буйруган меморандумга кол койду.

Вашингтондун бул кадамы Орусия менен Кытайдын АКШ байкоо жана байланыш жагынан таянган негизги булактары болгон спутниктерди өчүрүп, бузуп, алтургай жоготуп салуунун үстүнөн иштеп жатышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам кабыл алынганы айтылууда.

Кошмо Штаттар эми космос күчтөрүн өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурарын Трамп ушул жылдын июнь айында жарыялаган.

XS
SM
MD
LG