Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Жээнбеков: Бабанов боюнча сүйлөшүү болгон эмес (видео)


Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов. Коллаж сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов. Коллаж сүрөт.

“Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес” деп билдирди бүгүн 19-декабрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында.

- Мен Бабановду КТРКдагы дебаттардан көргөм, ошондон кийин көрө элекмин. Экс менен экөө эмне деп сүйлөштү, эмне макулдашуулар болду, аны билбейм. Бирок айтып коеюн, мен шайлоого кетип жатканда келечек боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Менин артымдан эмне деп сүйлөшүштү, эмне сценарий түзүштү - ал менин проблемам эмес, - деди ал.

Жээнбеков “мени "саткын" деген атка кондурушту. Мен "бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм" деп элге убада берген эмесмин, "элдин кызыкчылыгын коргойм" дегем” деп билдирди.

Ал эми Бабановго карата козголгон кылмыш иштер боюнча суроого жооп берип жатып президент Кыргызстан укуктук мамлекет экенин белгилеп, ачылган кылмыш иштер жабыла берсе ал бандиттик өлкөгө айланарын, мыйзамдын чегинен эч ким чыкпашы керек экенин айтты. “Мыйзамдын алдында ишти козгогон да, жоопко тартылган адам да бирдей болушу керек” деди ал.

Жээнбеков кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда 468 иш кайра каралып жатат.

Алмазбек Атамбаев жакында “Апрель ТВ” телеканалындагы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирген.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Атамбаевдин айткандары боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, "Бабанов боюнча бир нече ирет мурунку да, азыркы да бийлик менен саясий сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн" билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG