Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

Жээнбеков: Текебаевдин ишине кийлигише албайм, мунапыс гана бере алам (видео)


Өмүрбек Текебаев жана Сооронбай Жээнбеков. Коллаж сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албайт, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере алат. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.

- Бардык соттук инстанция бүткөн, - деди ал. - Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр ал түрмөдө.

Мурдараак Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга албай турганын айтып, ырайым суроодон баш тарткан. (EBM)

Пикирлерди көрүңүз (56)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG